super.kg logo

Бишкек шаардык соту Исаевдин баш коргоо чарасы боюнча "бул жашыруун маалымат" деп жооп берүүдөн баш тартты

 

Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаардык соту депутат Канат Исаевди 2018-жылдын 30-январына чейин тергөө абагында калтыруу боюнча Биринчи Май райондук соттун 25-ноябрдагы чечимине макул болбогон жактоочуларынын апелляциялык арызын карады. Бирок шаардык сот кандай чечим кабыл алганы белгисиз. Аталган мекеменин маалымат катчысы Жаркынай Жарасул кызы SUPER.KG'ге соттун Исаев боюнча чечими коомчулукка жарыяланбай турганын билдирип, бирок себебин түшүндүргөн жок.

"Бүгүн шаардык сот ишти карады. Бирок бир гана Исаевдин иши боюнча эч кандай маалымат бере албайбыз, бул жашыруун маалымат", - деп гана жооп кылды мекеменин атынан. Жогорку Соттун маалымат кызматы да чечим тууралуу жооп берген жок.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта, тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

2-октябрда Биринчи Май райондук соту Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. 16-октябрда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган болчу. Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда баш коргоо чарасын кайра карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 2018-жылдын 30-январына чейин узартуу чечимин чыгарган. Анын жактоочулары райондук соттун бул чечимине макул болбой шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрадан кайрылышкан.

Исаевдин Биринчи Май райондук сотунда дагы бир иши каралып жатат. Ал 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: