super.kg logo

Бишкекте алп балбан Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган оюн-зоок концерти өттү

 
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова
Кеченин алып баруучусу акын Мирлан Самыйкожо
Төкмө акын Мамел Исраилов
Төкмө акын Амантай Кутманалиев
Куудул Келдибек Ниязов
Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев
Ысык-Көл облусунан келген апалардан түзүлгөн ыр ансамбили
Кыргыз циркинин артистери

Кыргыз элинин алп балбаны айтылуу Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган оюн-зоок, кайрымдуулук концерти болуп өттү.

Бишкек шаарында жайгашкан Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында анын элесине арналган эстрада жылдыздарынын, төкмө акындардын жана цирк артисттеринин катышуусунда концерт уюштурулду.

Бул иш-чараны уюштуруу демилгесин көтөрүп, иштин башында турган Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык коомдук фонддун негиздөөчүсү жана балбандын чебереси Орозаалы Кожомкуловдун айтымында бул оюн-зоок, кайрымдуулук концерти Каба уулу Кожомкулдун көмүскөдө калган асыл сапаттарын жайылтып элге жеткирүү максатында уюштурулган.

"Бул иш-чараны бабабыздын мурда көмүскөдө калып, эл билбеген касиеттерин жайылтуу, таанытуу максатында уюштурдук. Каба уулу Кожомкул өзүнүн көрөгөчтүгү, таланттуу адамдарды сыйлай билгендиги жана жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турган", - деп билдирди уюштуруучу.

Ошондой эле алп балбанды эскерүү үчүн келген куудул Келдибек Ниязов белгилүү ырчы Мыскал Өмүрканованын талантын байкап чыгармачылыкка алып келген инсан Кожомкул болгонун белгилеп кетти.

Мындан сырткары, келе жаткан жылы балбандын 130 жылдык мааракеси эл аралык деңгээлде белгилене тургандыгын жана бул мааракеге атайын бюджеттен акча бөлүнгөндүгүн иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев өз сөзүндө айтып өттү.

Каба уулу Кожомкул - кыргыз, казак элине атагы чыккан балбан. 47 жашында салмагы 165 килограмм, боюнун узундугу 2 метр 36 сантиметр, манжаларынын узундугу 25 сантиметр, баш бармагынын диаметри 4 сантиметр болгон. 52-өлчөмдөгү бут кийим кийген. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм чамалуу өгүздү коңулдан сууруп чыккан. Элге "Кожомкулдун ташы” деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 килограмм, аны Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүнөн 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Төө-Ашуудан атын өзү көтөрүп өткөнү, жумуру темирди ийип, аттын такасын колу менен кысып сындырганы эл ичинде айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.12.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кожомкул атабызды кийинки муундар жакшы тааныбай баратат. Курманжан датка, Саякбай ондуу Кожомкул балбан тууралу фильм тартылганда жакшы болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: