super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 11-ДЕКАБРЬ: Ырчы жана аткаруучу Шамшыбек Өтөбаев көзү тирүү болгондо 66 жашка чыкмак

 

Бир канча сынак-фестивалдардын жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, композитор жана атка­руучу Шамшыбек Өтөбаев 1951-жылы 11-декабрда Ноокендин Шыңсай айылында туулган.

Балалыгы айтылуу Чилмайран тоолорунда өткөн.

“Балалыгымды эстесем эле көз алдыма алгач тоолор элестелет. Болгондо да тоонун жыты буркурап келип, түшүмө тоонун түркүн-түстүү гүлдөрү кирет”, - деп эскерчү ал. Үйдүн тун уулу болгондуктан эрке, шок өскөн. Тентектигинин айынан колхоздун чөбүн өрттөп, чоң машинасын жүр­гү­зүп жиберип тил уккан күндөрү да болгон.

Кийин республикада алгачкылардан болуп “Назик” эстрада тобун уюштурат. Андан көп өтпөй Чоро Кожомжаров жетектеген кыргыздын туңгуч эстрада тобуна солист болуп кирет. Көп өтпөй “Набат”, “Асем” деген топ түзүп, жетекчилик кылган. Бул топтор көптө­гөн эл аралык жана республикалык сынак, фестивалдардын лауреаты жана жеңүүчүлөрү болгон. Кийин Ош пединститутуна мугалим болуп которулуп, “Назик” эстрадалык тобу менен 8 жылдын ичинде 12 жолу чет өлкөлөрдө кыргыз өнөрүн тартуулаган.

Анын аткаруусундагы “Таң сыры”, “Сары-Челек”, “Көл кечи”, “Кыргыз жери”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Сага”, “Фрунзенин теректери” жана башка жүрөккө жеткен ырлары элге сиңип, эчак эле эл оозуна алынып, классикага айланган. Андан сырткары “Ат келет”, “Кутман жер”, “Алтын тумар”, “Атама”, “Өмүр - керемет”, “Кыялдагы мырзага”, “Кат жазчы мага”, “Дүрдана”, “Ата Журт” деген ырлары популярдуулугун жоготпой, профессионалдык жогорку деңгээлдеги ырлардын катарында өз ордун тапкан.

Шамшыбек Өтөбаев 2009-жылы 8-сентябрда 58 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган, анын артында 1 кызы, 5 уулу калган.

11-декабрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: