super.kg logo

Бишкекте "Кыргыз жери - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышындагы VII эл аралык кинофестивалы өтөт

 

Бишкекте эртең, 12-декабрдан тарта "Кыргыз жери - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышындагы VII эл аралык кинофестиваль башталат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар маалымдашты.

Белгилүү болгондой, фестивалга КМШ өлкөлөрү, Балтия жана Грузиянын кыска метраждуу тасмалары да катышат.

"Фестиваль жыл сайын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө башталат. Бул жылы ага КМШ мамлекеттеринен сырткары Балтия, Грузиянын тасмалары да ат салышуу алдында турат. Фестивалдын негизги максаты коңшулаш өлкөлөр менен тыгыз алакада болуп, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашууда", - дейт уюштуруучу.

Фестиваль 12-15-декабрь күндөрү "Манас" кинотеатрында өтөт. Ага башка өлкөлөрдүн 14, Кыргыз киночуларынын 15 кыска метраждуу тасмалары катышат. Фильмдер "Мыкты тасма", "Мыкты режиссёрлук иш", "Калыстардын атайын сыйлыгы" жана "Көрүүчүлөрдүн тандоосу" деген 4 наам боюнча ат салышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: