super.kg logo

Текебаевдин жаза өтөө мөөнөтү качан аяктап, кайсы жылы эркиндикке чыгат?

 

2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Жогорку Сот өкүмдөгү 2014-жылдын 27-январындагы чыккан “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына карата мунапысты" 2011-жылдын 19-июлундагы “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыска” алмаштырган. Анын негизинде райондук соттун өкүмүндө алардын жаза мөөнөтү мунапыс боюнча үчтөн бирге кыскартылып, тергөө абагындагы өтөгөн жаза мөөнөтү эки күндөн эсептелген.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, Өмүрбек Текебаевдин жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын ноябрь айында аяктайт.

"Өмүрбек Текебаевдин жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 26-февралынан тарта башталат. Ага колдонулган мунапыска ылайык, мөөнөтү үчтөн бирге, башкача айтканда, 2 жыл 8 айга кыскарган. Ал эми УКМКнын СИЗОсунда отурган 7 ай 6 күнү эки күндөн эсептелет. Ошондо кыскаргандан кийин 4 жыл калат", - деп билдиришти Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан.

Эгерде соттолуучу Текебаев абактагы мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүтсө, анда жатак абакка которулса болот. Ал күн 2020-жылдын февраль айына туш келет. Ал эми жазасынын үчтөн төртүн өтөп бүтсө, 2020-жылдын июль айында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушу мүмкүн.

Жогорудагы эки учур боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы алгач тиешелүү материалдарды атайын прокуратурага жөнөтөт. Прокуратура болсо карап чыгып, сотко тапшырат. Мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулсун же жатак абакка которулсун деген чечимди сот кабыл алат.

Эгерде сот жогорудагы эки учурду канааттандырбаса, Өмүрбек Текебаев 2021-жылдын ноябрь айында жазасын толук өтөп бүтүп эркиндикке чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(9)
11.12.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Неге маевискийди кармашпайт,аныда пара бердиң деп кармабайбы?бийликтин кылганы билинип турат...
11.12.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Калыстык жок. Коррупция качан мамлекетке зыян келгенде козголот. Атамбаев ага чейин тирүү турса экен
11.12.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
С. Жапаровду да жазгылачы
11.12.2017. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
mir777, С.Жапаров ак экенин куноосу жок экенин баары билет. Зордуктап эле камап салды аны
11.12.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алдамчы менее корупционер 8 жылга камалса ,киши олтургондор 2 ай уй камагына анан сот МОТ дейт тообо Тараза кайда бул эмне деген ИИМ
12.12.2017. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андан сырткары деле толтура элдин акчасын деп эле журсо керек эле. Бакиевти тополон чыгарып ушулар кетирген эле акыры ушуну кормок. Уурунун орду турмо. Туура кылат камасын. Сооронбой келип алмазды камайт секин тазаланат да
12.12.2017. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча киришип камашты,Эми чыгарбай
калышты го?
12.12.2017. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соке эми АШАны кама.Ашага да текенин куну тушот был жашоо бумеранг
12.12.2017. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул Атамбаевдин былык иши болду бизде таза сот жок опозициянын баарын камап жок кылды азыр ЖК баары унчукпай отурашат коркушуп камалып кетебизби деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: