super.kg logo

62 кабаттуу имараттын чатырынан кулап каза болгон кытайлык блоггердин видеосу интернетке тарады

 

Ушул жылдын 8-ноябрында Кытайдын популярдуу блоггер жана руфери (“Roof» - англ. “чатыр”, чатырга чыгып, ар кандай акылга сыйбаган трюктарды жасаган адам) У Юннин трюк жасап жаткан учурунда каза болгон. Бирок анын жакындары бул маалыматты арадан 1 ай өткөн соң гана тастыкташты.

Белгилүү болгондой, ал Чанша шаарындагы 62 кабаттуу асман тиреген имараттын чатырына чыгып, белгисиз демөөрчү үчүн трюктарды аткарып жаткан. Бул үчүн ал 15 миң долларга жакын гонорар алмак. Ал акчаны оорулуу апасынын дарылануусуна жана өзүнүн үлпөт тоюна жумшоону пландаган. Бирок трюк аткарып жаткан учурда күтүлбөгөн жерден кулап кетип, жыйынтыгында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

У Юннин – 26 жашта болгон. Мурда каскадёрлук менен алектенип, сериалдарга масса иретинде тартылып келген. 2017-жылдын февраль айынан тарта Кытайдагы Weibo социалдык түйүнүнө бийик имараттардын чатырынан жасаган трюктарын жүктөп, аларды эч кандай коопсуздукту сактоо куралы жок аткара турганын айтып келген. Ушул күнгө чейин 300гө жакын видео жүктөгөн руферге миллиондон ашуун окурман катталган. Ал акыркы видеосун 8-ноябрь эртең менен жүктөп, ошондон тарта дайыны чыкпай калган. Мындан улам ага катталган окурмандар руфердин ден соолугунан сарсанаа болушуп, ар түрдүү божомолдорду айтып келишкен. Ал эми толук 1 айдан соң 8-декабрда анын сүйүктүүсү интернеттеги баракчасына “Мен 8-ноябрь тууралуу ойлонуп жатам. Сен бул дүйнө менен коштошкон күн тууралуу...” деген билдирүү калтырган. Андан соң анын акыркы, кулап бара жаткан видеосу интернетке тараган.






62 кабаттуу имараттан кулап каза болгон блоггер (нерви жукаларга сунушталбайт)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
12.12.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атын чыкпаса жер ортто. Кылаарга башка иш калбай калдыбы. Башка жумушта иштесе деле акча табылмакта.
Медиа-портал
12.12.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушуну кормок адриналин деп журуп
12.12.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул ушул муноттордо бир нерсе болду. Озун да которо албай калды.
12.12.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугун сонку кабардан жалан эле кайгылуу жанылыктар го.
12.12.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман болуптур! Биздикилер да этият болгула айрыкча кыздар кечее эле бироосу мостон куладыго селфи кылам деп жакшы куткаруучулар убагында коруп сактап калышты!
12.12.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан окунучтуу
12.12.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колу карышып кеткенго эмесе соонун эле озун озу которуп жаткан ээх жаман болуптур
13.12.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тюркту аткаруу учун кучун жумшап кайра чыгаарда бутттары тайгаланып.... Озу деле ушунчалык кааласа керек бироо жарым жок жерден чыга калып кармап калуусун. Эхх аттин кээде жашоо кичинекей каталарды өтө катуу жазалап коётта. Бул кыздын ошол кездеги абалын ошондой ситуацияга тушуп калгандар жакшы тушунушот го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: