ЖЫЛНААМА, 13-ДЕКАБРЬ: Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев 31 жашка чыкты






Мындан 31 жыл мурун, 1986-жылы 13-декабрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Жанар Акаев жарык дүйнөгө келген. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач журналист болуп 2-курс кезинде ОшМУнун гезитинде иштеген, көп өтпөй окуу жайдын телеберүү бөлүмүнө өткөн.
2008-жылдан тарта "Азаттык" радиосунда кабарчы болуп иштеген.
2010-жылы Япониянын Токио шаарында өткөн Азия мамлекеттеринин журналисттери үчүн уюштурулган сынакта 2-орунду багындырган.
2011-жылы "Евразиянын алтын калеми" сыйлыгына татыктуу болуп, ал эми 2014-жылы Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун "Курч калем" сыйлыгын алган.
2015-жылы 2-февралда Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалган. Ошол эле жылы 27-августта Жанар Акаев парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетүүгө арыз жазган. Ал эми 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо КСДПдан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2017-жылдын 24-мартында КСДП Жанар Акаевди фракциядан чыгарган.
Жанар Акаев: "Президенттин "сот системин реформаладык" дегенин укса соттор өздөрү күлөт"
"Төрөткө катышып, жубайымдын жанында болдум" дейт Жанар Акаев
Жанар Аaкаев: "Калың бербей үйлөндүм"
Жанар Акаев: "Апам саясий тополоӊдорду чагылдырбай эле койчу деп ыйлаган"
Маек - Жанар Акаев


★★★★★★★