super.kg logo

Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратуу суралды

 

Бүгүн,13-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө тараптардын жарыш сөзү орун алып, мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовго коюлуп жаткан айыптарга өзүнүн аргументтерин келтирип, аягында Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап сот залынан камакка алууну соттон сурады. Андан сырткары аны менен кошо айыпталып жаткан Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевди 9 жылга жана тендерди уткан компаниянын жетекчиси Али Люкселди 8 жылга эркинен ажыратууну жана алардын да мүлктөрүн конфискациялоону өтүндү. Учурда жактоочулар өз сөзүн сүйлөөдө.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
13.12.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевдин доорунда чондорго карата кылмыш ишин козгоо,эркинен ажыратуу оюн катары болуп калдыго!
14.12.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийинки бийлик ат амбаевди өлгөндөн кийин кесет болуш керек.
13.12.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прокуратура 8 десе демек 8 жылга камалат экенда бүгүнкү соттор өздөрү анализ жүргүзө албай калышканго прокуратура эмне десе ошону кылышат. Же Атамбаевдин бийлигинен айырмаланып Жээнбековдун бийлиги бираз чындыка жакындатаар бекен? Антпесе керек себеби шайлоодо Шыкмаматов Бабановго үгүттөгөн.
13.12.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
8 деген сан жаман Популярный болуп жататко
13.12.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ кыскыла адамдын эркин чектегидей милер Кудай эмессинер! бир кылмышкерди камагансып 8 деп коюшат
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-12-13 17:02:45
13.12.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оппозицияны камоо мода кылып алды. Жаккандары тайрандап эле журушот!
13.12.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Миллиарддарды уурдагандар орден алып, наам, чин алып тайрандап журушот. Ал эми бийликке каршы суйлогондор куру жалаа менен соттолуп жатышат... Жээнбековдон жакшылык куткондорго: иына силерге Жээнбековдун башкаруусу, Атамбаевдин ыплас саясаты уланууда...
13.12.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сегиз жыл! Уй мулкту конфискациялоо! Машина озу жети мин доллар турса керек. ))). Ойлоп койдум- сот, прокурор болуп иштоо эн жакшы бизнес экен деп. Жоготбойсун, банкрот болбойсун, конфискация деп отура бересин
13.12.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АШАнын кочун Жээнбеков клон улантууда...
14.12.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Medina87,
Жеэнбеков жөн эле бир кукла. Пешка мындайча айтканда, ат амбаев ыйла десе ыйлап бийле десе бийлеп атат азырынча. Анан кийин көрөбүз балким соке өзү кесип жибериши да мүмкүн ашаны
Adiletia түзөттү 2017-12-14 09:10:39
14.12.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машинаны кымбат саткан деп 8 жылга кесуу аша чапкандык эмесби? Андай болсо мамлекетке зыян алып келген договорлорду тузгондор толтура, ошолор эмне учун камалбай журот? ПМ болобуз деп Тургамбаев 100 миллионго жакынды изи жок жок кылды, ГЭС теп Орустарга 38$млн зыян тарттык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: