super.kg logo

Ильяз Абдыразаков: "Өзүмдү кеңседе отуруп иштеген кызматкер катары элестете албайм"

 

Бир нече мүнөттөрдөн соң канчалаган хит ырлардын автору, чыгармалары кыргыз элинде эле эмес, боордош казак бир туугандардын арасында да популярдуулукка ээ болгон эстрада жылдызы Ильяз Абдыразаковдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Ушул жылдын 20-ноябрында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан маданиятка кошкон салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланган ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу же ал тууралуу сизди көптөн бери кызыктырган суроолоруңуз болсо узатып, түз эфир аркылуу жооп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.

15:10 Ырчы Ильяз Абдыразаковдун түз эфирдеги маеги башталды, ырчы алып баруучунун "Ойготкуч суроолоруна" жооп берүүдө.

15:16 "Ушул кезге чейин бир топ эле ыр жараттым. Баарынын тең сөзү, обонун жатка билем. Ыр жазганда алгач тааныштарыма угузуп көрөм. Аларга жакканда гана теле-радиолорго берем", - дейт ырчы.

15:18 Суроо: "Сенин көзүң башкача" деген ырың бирөөгө арнап жазылгандай. Сыр болбосо кимге арналат?

"Чынында эч кимге деле арнаган эмесмин. Болгону обонуна ушундай сөздөр төп келип калган", - деп жооп берген ырчы аталган ырды жандуу үн менен аткарып берди.

15:21 Окурмандын "Сөз байлыгың кенен эле го, эмнеге абдан аз сүйлөйсүң?" деген суроосуна, "Негизи тамаша аралаштырып жакшы эле сүйлөйм. Болгону интервьюга келгенде туура эмес сүйлөп албайын деп ойлонуп сүйлөөгө аракет кылам", - деп жооп берди.

15:23 "Мүнөзүм өтө деле жумшак эмес. Өзүмө жакпаган нерсе болсо катуу айта алам", - дейт ырчы.

15:27 "Жубайым балдар менен үйдө. Иштегенге эмес, балдарды караганга убактысы араң жетет. Үйдө балдарым, жубайым баары орус тилинде сүйлөйт, мен эле кыргыз тилдүүмүн", - дейт ырчы.

15:30 "Ырчылык кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Анткени өзүмдү кеңседе отуруп алып иштеген кызматкер катары элестете албайм", - дейт ырчы.

15:31 Окурмандын "сахнада жүрүп кандай материалдык байлык топтой алдыңыз?" деген суроосуна, "Ата-энем, күйөрмандарым менин баа жеткис байлыктарым. Материалдык байлыктарым - бир топ унаа алмаштырдым. Жакында досторум дагы бир унаа белек кылганы турушат", - деп жооп берди ырчы.

15:35 Ырчы жандуу үн менен "Жамийла" ырын аткарууда.

15:38 Суроо: Жубайың "келе кал" деп чакырса, чуркап жетип барасыңбы?

"Биз көп сүйлөшпөй эле үйлөнүп алганбыз. Азыр бири-бирибизди абдан жакшы билип калдык. Өз жумуштарым менен жүрө берем, тынчымды алып жөнү жок чакыра бербейт. Бири-бирибизге ишенебиз", - дейт ырчы.

15:43 Суроо: Ырларыңызды казактар көп аткарышат. Эң кымбаты канчага сатылган?

"Бир кезде казак ырчылары менен тыгыз байланышта иштегем. Мындан улам аларга саткан эмесмин. Болгону автордук укугумду сактагыла деп айткам", - дейт ырчы.

15:45 Окурмандын "Жубайыңыз абдан орой, интернеттен жазгандарга да абдан орой жооп берет. Бир аз жөнөкөй бол деп айтып коюңузчу" деген өтүнүчүнө "Эми ар кандай учур болуп калышы мүмкүн, макул айтып коёюн", - деп жооп берди.

15:50 Ильяз Абдыразаков "Азап" ырын жандуу үн менен аткарууда.

15:54 Суроо: Келинчегиңиз менен апаңыздын мамилеси кандай?

"Абдан сонун. Ата-энем Ошто турушат. Бишкекте үй-бүлөм анан, иним Нияз болуп чогуу жашайбыз. Ата-энем менен ар кандай майрамдарда чогулуп турабыз", - деди ырчы.

15:57 "Мен жазган ырлар хит болсо кубанам. Азыр кандай ырлар хит болорун билбей жатам. Тагыраагы элдин талабын таппай жүрөм. Мурда абдан популярдуу болуп кеткенде ар кандай чакыруулар менен жүрүп, күнүбүз жолдо эле өтүп калган. Ошондо атактуулуктан тажап, атымды, атагымды "өчүргүм" келген. Анда жаш болчу экенмин", - дейт ырчы.

16:03 "Менин "Жаным ай" деген ырымды бир канча мамлекеттер өз тилине которуп ырдашыптыр. Абдан кубангам, бул мен үчүн чоң ийгилик", - дейт ырчы.

16:07 Ырчы окурмандын суроосу боюнча "Коштошуу" ырын аткарып берди.

16:10 Ильяз Абдыразаковдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.


кошулду





"Атактуулуктан тажап, "өчкөнгө" да аракет кылгам" дейт Ильяз Абдыразаков

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
13.12.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ильяз кээ бир ырларындын музыкасы озбек улутунун музыкаларына окшоп кетет озунузго байкалабы коп комментайлер жазылат ошол ырлардын алдына музыкасы озбекчеге окшош деп себебин билгим келгенеле озунуз озбек музыкасын балким аспаптарын жактырасызбы же байкабай эле журоктон чыгып ошондой жазылып калабы
13.12.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ассалоому алейкум супер инфо жана Ильяз байке сизди жаны сахнага чыккан убагыныздан бери тааныйм сиз жаны сахнага чыккан убакытта мен 5-6 -класста окуган бала болчум ырларыныз абдан жагат ырларыныздын ичинен "Азап " аттуу ырынызды жакшы аткаргансыз иштеринизге ийгилик уйбулолук бакыт каалайм !!!
1) Кайсы аттын изи болбойт ?
2) 202 коз канча адамга таандык ?
3) Эгерде сизге эртен олосун деп айтса эмне кылмаксыз ?
13.12.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Салам кандайсын Иляз. Эмнеге мурункудай хит ырларды жаратпай калдың? Же популярдуулугуң кетти деп ойлойсуңбу? Сен жараткан аранжировкалар менен көп ырчылар популярдуулука жетишти, ырлары хит болду. Ошол ырларды озум эле ырдасам болмок деп ойлоносунбу кээде?
13.12.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында аташкабыздын акыркы пресс конференциясында бир журналист саатын сурап алып калды эле эстеликке менда сизден белегинизди мага эле берип кетин
13.12.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсызбы ИЛЯЬЗ эмне учун мынча арыктап кеттиниз эмне диета кармап жатасызбы же,себеби барбы мындай арыктоонун?))1чи балалуу болгондон кийин жакшынакай бп семирип калдыныз эле семирген сизге жакшы жарашат экен,кайра аракет кылыныз,Сизге стильный кийинип жургон жарашат Ошого жакынраак кийимдерди кийуунузду сунуштаймын!
13.12.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен кызбаламын бирок озумдун мунозумду Ильяздын мунозуно аябай окшоштурам Мен деле тамаша аралаш суйлойберем достор жакындарыма анан азраак суйлойм токтоомун,Азаматсын Ильяз ушул характеринден жазба сен супер номер-1 ырчысын сенин адамгерчилигине эчкайсы ырчы жетпейт дайыма алга ийгилик !
13.12.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассаляму алейкум Илья ака кандайс? Качан Ош шаарына концерт коюп келесиниз. Келгенинизди Ош шаары кутуп жатат Оштон Атаназаров
13.12.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Иляз байке сураныч коздорун башкача чыгарманызды ырдап беринизчи
13.12.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда талантуу жакшы ырдайт эчким жетпейт!!
SUPER.KG видео
13.12.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ильяз очпос талант ээси
SUPER.KG видео
13.12.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чыныгы талант. Ата энениз сиздер мн шаарда турабы?
SUPER.KG видео
13.12.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
крассавчик эл артист кылса жарашчудай экен
SUPER.KG видео
14.12.2017. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Айгерим расул кызын чакыргылачы
SUPER.KG видео
14.12.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сен очпой эле кой Ильяз наоборот кайрадан чык сахнага
14.12.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elitta, taalay25, бирөөнүн дарегине карата далилсиз маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
SUPER.KG видео
14.12.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кыргызстанда №1чи Супер Ырчы Мырза Ильяз Абдыразаков! Мен сиз Сахнага жаңы келгениңизден баштап, ырларыңызды сүйүп угуп келем. "АЗАП" аттуу ырыңызды, жүрөгүм мн сүйүп угам. Талантыңызга чексиз Таазим этем. Адамдагы эң жакшы сапат, бул Жөнөкөйлүк сиз ушул сапатыңыздан жазбаңыз. Сизде баары бар,Жөнөкөйлүк, Адамгерчилик, Талант, Үн, Келбет ж.б тек гана сизге Эки Дүйнө Бактылуулук каалайм!!! Урматым мн мен Бурханова.Д.А.))))
SUPER.KG видео
14.12.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чыныгы талант Азамат эл артистин алууга татыктуусун сыйлайм!
SUPER.KG видео
15.12.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Очуруп бериниз дегенин
SUPER.KG видео
15.12.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Арыктагандан толмоч жургон жакшы жарашат экен сага сенин талантынды аябай баалап угам азаматсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: