super.kg logo

Бишкекте Молдо Кылычтын 150 жылдыгына арналган иш-чара өтөт

 

Бүгүн, 14-декабрь күнү Бишкекте Молдо Кылычтын 150 жылдыгына арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында саат 14:00дө башталат.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция, акындын урпактары, ЖОЖдордун студенттери жана акындын чыгармачылыгын баалаган окурмандар катышат.

Айта кетсек, Молдо Кылыч Шамыркан уулу кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири. Кочкор өрөөнүнүн Бугучу деген жеринде 1866-жылы төрөлгөн. Кылычтын өз атасы Шамыркан атактуу баатыр Төрөгелдинин тун уулу. Кылыч беш жашка чыкканда анын атасы Шамыркан дүйнөдөн кайтат. Ал атасындай жаш кезинен чыйрак, зирек бала болуп чоңоёт.

Анын “Зилзала” деп аталган чыгармасы 1911-жылы Казань шаарында араб алфавити менен басылып чыккан. Бул жагдай кыргыз элинин тарыхында басмага жарыяланган алгачкы чыгармалардан болгондугун айгинелейт. Мындан сырткары ал өзүнүн "Чүй баяны", "Керме тоо", "Канаттуу", "Кол казал", "Кара Кочкор", "Кыз-жигит", "Мал казал", "Жатакчылар", "Чүй канаттуулары" аттуу чыгармалары менен элге таанылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
14.12.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жалан эскеруу, орден беруу, баланчанын мынча жылдыгын белгилоо, деги бир экономиканы которуу, чет элдиктерди катуу козомоллоп башкаруу, жер чек ара, улуттук карыздарды толоо боюнча кенеш ж.б маселелерди которгон эч ким жокбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: