super.kg logo

Баткен облустук музыкалык драма театрынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 

Баткен облустук музыкалык драма театрынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын сентябрь айында А.Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрдын директорунун буйругу менен С.Р. аттуу жаран эсепчи катары жумушка алынып, 2016-жылдын июнь айына чейин иштеген. Бирок чынында ал жаран 2013-жылдын октябрь айынан 2016-жылдын ноябрь айына чейин келишимдик негизде аскер кызматын өтөп, кошумча эч жерде иштеген эмес.

Ал эми аталган театрдын кызмат адамдары 2014-жылдан 2016-жылга чейин С.Рга берилүүчү эмгек акыны өздөрү алып турушкан. Андан сырткары 2016-2017-жылдары 2 миллион 285 миң сомдук сый акы жана материалдык жардам театрдын кызматкерлерине мыйзамсыз берилген.

Азыркы тапта жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.12.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттош керек ошол жетекчилерди. Чыгымдарды толотсун мал-мулкун конфискацияга алыш керек
14.12.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жегендерин кусат экен да, ошону жедире койбой текшерип туруш керек эле. Бул ачыка чыкканы эле билгизбей жургондору канча.
14.12.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мелочь менен курошпой андан коро жанагы таможниядагы кызматкерлерди текшербейсинерби
18.12.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдагы кызматкерлер жетекчиси жеп жаткандан кийин жетекчиси деп эле жазбайсынарбы журналисттер.Сооп кылат жегенин кустуруп озун отургузуп койгула,андай жетекчинин билим денгеели да ноль болсо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: