super.kg logo

Сексуалдык зомбулукка каршылык көрсөтүү максатында "Алтын глобус-2018" сыйлык тапшыруу аземинин катышуучулары кара түстө кийинип келишет

 

"Алтын глобус-2018" сыйлык тапшыруу аземинин уюштуруучулары тарабынан аталган салтанаттын катышуучуларына сөзсүз түрдө кара түстөгү кийим кийүү же ушул өңдөгү аксессуар тагынып келүү талабы бекитилген. Бирок чет элдик басылмалардын жазып чыкканына караганда, белгилүүлөр толугу менен кара түстөгү кийимдерди кийип келүүнү пландашууда. Мунун себеби учурда Голливудда актуалдуу болуп жаткан сексуалдык тийишүүлөргө каршылык көрсөтүү.

"Атактуу актрисалардын баары кара түстөгү көйнөктөрдү кийип келишет. Муну сексуалдык зомбулуктарга каршылык көрсөтүү деп түшүнүүгө болот", - деп жазылат маалыматта.

"Алтын глобус" - жыл сайын кино жана теле жаатында ийгилик жараткан белгилүүлөрдү аныктап, сыйлык тапшыруучу азем. Кезектеги сыйлык тапшыруу салтанаты 2018-жылдын 7-январына белгиленген.

Эскерте кетсек, бир катар актрисалар, моделдер белгилүү продюсер Харви Вайнштейндин аларга карата жасаган сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерин айтып беришип, Голливудда чуу жаратышкан. Мындан көп өтпөй эле атактуу актёр Кевин Спейси, Дастин Хоффман да ушундай сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаганын бир убакта чогуу иштешкен айымдар билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
15.12.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зомбулук деп коюшат бирок убагында алардын оздорунун да каалоосу болгон.Акча ондуруу максатында же оздорун пиарлоо учун да козгоп атышат
15.12.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо маалда не унчунушкан жок.Туштон кийин чуулдашат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: