super.kg logo

Кыргыз кызы "Miss Asia Russia-2017" сулуулар сынагында ийгиликке жетти

 

Кыргыз кызы "Miss Asia Russia-2017" сулуулар сынагында ийгиликке жетти. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн атынан сынакка катышкан Нази Маатказиева "Ажарлуу сулуу" номинациясын жеңип алган. Ошондой эле өнөктөштөрдүн "Miss Kali collection" сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми "Miss Asia Russia-2017" наамына бурятиялык Софья Замбалова ээ болгон.

"Miss Asia Russia-2017" эл аралык улуттук, маданий сулуулук фестивалы Москва шаарында өткөн. Ага Азия чөлкөмүнөн келген 15 сулуу катышып, финалы 14-декабрда болуп өткөн. Бул сынак Азия аймагындагы жаш кыздардын жагымдуу образын таанытуу үчүн уюштурулуп келет.

"Сынакка катышкан ар бир кыздын алдыга койгон максаты бар. Жан дүйнөсүнүн сулуулугу менен сырткы келбетинин сулуулугу айкалышкан, коомдук иштерге активдүү катышып башкаларга үлгү боло турган кыздар катышат. Бул сынак менен биз башка кыздарды да дал ушундай жашоо образына үндөгүбүз келет", - деп билдирген уюштуруучулар.

Белгилүү болгондой, Маатказиева буга чейин "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагына катышып биринчи вице-мисс наамын жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
15.12.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ото эле сулуу эмес экен, башка сулуу кыз жок беле а. Фигурасы деле жакпады.
15.12.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gulam,сулуу эмес болсо дагы ийгиликке жетишиптир жакшы
15.12.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сулуу эмеси ушунча ийгилике жетсе,сулуусу барганда кантмек экен..
15.12.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыргыздар бири-бирибизди коро албайбыз. Чондорубуз дагы чукушса биякта биз чукушсак.
16.12.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чын эле мисс боло тургандай гебетеси деле жок экен
16.12.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сулуу кыз экен,суротто ушундай тушуп калыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: