super.kg logo

Украинада Порошенкого жан тарткан жарандын өлүмүнө өз атасы шектелүүдө. Ата-баланын ортосунда саясий пикир-келишпестик болгону айтылууда

 

Украинада президент Пётр Порошенкого жан тарткан жарандын өлүмүнө шектелген адам кармалды. Ал маркумдун атасы болгон. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары ата-баланын ортосунда саясий пикир-келишпестик орун алганын жазышууда.

Маалыматка караганда, окуя Украинанын Одесса облусунда болгон. Анда 28 жаштагы тургун туулган күнүн белгилеп, атасы менен бирге спирт ичимдигин ичкен. Андан соң аңгемелешүү саясий темага өтүп, натыйжада уруша кетишкен. Анын кесепетинен 51 жаштагы ата өз уулуна бычак сайган. Жабырлануучу ошол жерден жан берген.

Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө "мунун баары биздин өлкөбүздөгү саясий көйгөйлөргө байланыштуу. Мен ага Порошенко туура эмес жолду тандаганын айттым, уулум менин пикириме кошулган жок", - деп айткан.

Пётр Порошенко 2014-жылы элдик төңкөрүштөн кийин президент болуп шайланган. Бирок Украинада саясатын батышка жана Орусияга ыктаган тараптардын ортосундагы саясий кризис бүгүнкүгө чейин уланып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.12.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура Порошенко тескери жолду тандады. Бирок баласын олтуруп салганы жаман болуптур
gute түзөттү 2017-12-16 12:51:34
16.12.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сиздики туура паап деп койбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: