super.kg logo

Бишкекте 48 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип, эки адам кармалды

 

Бишкекте 48 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип, эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-октябрда саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Жаш Гвардия жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнү такталып, 48 жаштагы Нарын облусунун тургуну Ж.Н. экени белгилүү болгон. Кийин иликтөө иштеринин натыйжасында маркумдун өлүмүнө шектелип, 32 жаштагы О.У. жана 25 жаштагы К.у.Б. кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр маркум менен чогуу спирт ичимдиктерин ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам аны сабап өлтүрүп алышканы аныкталган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, аларга карата 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
16.12.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сакал коюп алганын кантесин
16.12.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nibiru.,ошону менда ойлодум
16.12.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сакалдан айлангыр, ушулар булгайт Исламды
16.12.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
48 жаштагы аял спирт ичимдигин ичип... Эркек бузулса уй було бузулат, аял бузулса коом бузулат деп коет эмеспи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: