Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыкка кабылгандардын дагы экөөсү каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан жабыркагандардын дагы экөөсү каза болду. Бул тууралуу 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Алардын билдирүүсүнө караганда, жаракат алган 3 адам Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми каза болгон 7 адамдын жансыз денеси Токтогул райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.
Айта кетсек, буга чейин Жалал-Абад ОИИБи Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болуп, 5 адам жаракат алганын билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Кыргыз калбай калатго бул кетиште,чондор тезирээк чара корбойбу ээ ушул жол кыймылына.Самалетту арзандаткыла,праваны сатпагыла,он рулдуу машинаны токтоткула,жолдорго камера орноткула,ошондо азаят беле ушу кырсык!!!
Просто зеенин кейийтда!!!
Каза болгондордун жакындарына сабыр!Башка айла жок!