ЖЫЛНААМА, 17-ДЕКАБРЬ: Чоңдордун жашоосуна эрте аралашкан америкалык актриса Милла Йовович 42 жашка толду
Америкалык актриса жана фотомодель Милла Йовович 1975-жылы 17-декабрда Украинанын Киев шаарында актриса Галина Логинова менен дарыгер Богдан Йововичтин үй-бүлөсүндө туулган. Толук аты-жөнү - Милица (Милла) Богдановна Йовович.
5 жашында үй-бүлөсү менен Лондонго, андан кийин Калифорнияга көчүп барышкан. Калифорнияда мурунку дарыгер менен актриса жумуш таппай жүрүп, жөнөкөй үй кызматкерине айланышат. Алар үй-бүлөсү менен белгилүү кинорежиссёр Брайн де Пальманын вилласында кызмат өтөшкөн.
Болочок актриса АКШга келгенде Милица эмес, Милла болуп алган. Ата-энесинин режиссёр Брайндын үй кызматкери болушу Милланын шоу-бизнеске келүүсүнө бирден-бир себеп болгон, анткени режиссёр үйүндө түрдүү кечелерди уюштуруп турчу. Кечеде кызмат кылып жүргөн Милланын сулуулугуна “Prima” моделдик агенттигинин сүрөтчүсү суктанып, бир нече кадр тартып алат. Кийинчерээк ал сүрөттөрдү аталган моделдик агенттиктин менеджери Жефри Даш көрүп калып, кызды тез эле жумушка алууну туура көрөт. Ал кезде Милла 11 жашта гана болгон.


- 12 жашка чейин актрисанын сүрөтү 15тен ашуун белгилүү журналдардын башкы бетине жарыяланган;
- Милла Йовович биринчи жолу 16 жашында ата-энесинен качып, актёр Шон Эндрюска турмушка чыккан. Бирок бойго жете элек кызынын кылыгына ачууланган ата-эне 2 айдан соң алып келип алышкан;
- 1996-жылы "Бешинчи элемент" тасмасына тартылуу үчүн кастингге катышып, өтпөй калган. Бирок арадан көп өтпөй тасманын режиссёру Люк Бессон менен мейманканалардын биринен кездешип калып, дагы бир жолу өзүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк сураган. Жыйынтыгында аталган фильмде роль гана жаратпастан, режиссёрго турмушка да чыккан;
- Англис, орус жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт. "Менин ата-тегим орустар. Мен өзүмдү Америкада чоңоюп калган орус кызы сеземин. Үй-бүлөбүз менен да дал ушул тилде сүйлөшөбүз. Бирок мени украин кызы дегендер жаңылышат. Мен эч качан өзүмдү украиналык сезип көргөн эмесмин", - дейт актриса.
- Тамак жасап, көп убактысын ашканадан өткөрүүнү жактырат;
- Сологой;
17-декабрдын жылнаамасы.




1 |