"Кыз-Жибек" тасмасы аркылуу таанымал казактын белгилүү актёру Куман Тастанбеков каза болду



Бүгүн, 17-декабрда көпчүлүккө "Кыз-Жибек" тасмасындагы Төлөгөндүн образы аркылуу таанымал казактын белгилүү актёру Куман Тастанбеков дүйнө салды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, мындай маалыматты "Казакконцерт" мамлекеттик концерттик уюмунун жетекчиси Асхат Маемиров билдирген.
"Куман Тастанбеков бүгүн каза болду. Жарык жүздүү инсандын жүрөгү токтоп калган. Казак эли маданиятка болуп көрбөгөндөй салым кошкон уулун жоготту", - деген ал.
Айта кетсек, Куман Тастанбеков 1945-жылы 10-мартта жарык дүйнөгө келген. Казак элинин Эл артисти 1969-70-жылдары тартылган "Кыз-Жибек" тасмасындагы ролу аркылуу атактуулукка жеткен. Андан соң "Сүйүү жаңырыгы", "Алдар Көсө", "Көчмөн" жана башка фильмдерге тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
nurhan2702

17.12.2017. 16:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашында жакшынакай болгон экен. Тасмада мыкты рольду жараткан. Жайы жаннаттан болсун
Totyua.71.

17.12.2017. 20:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкты актер болгон
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.