super.kg logo

Алмамбет Шыкмаматов соттогу акыркы сөзүн сүйлөдү

 

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Анда Шыкмаматов акыркы сөзүн сүйлөп жатып сотту айыпталуучулар Али Юксел менен Жусуп Иманалиевдин тагдырын ойлоого чакырды.

"Соттук чечимди чыгаруу убактысы келди. Урматтуу сот, элге берген антыңызды эстеңиз. Калыс чечим кабыл алып бериңиз. Убакыт кызматыңызды алат. Абийирди эч ким ала албайт, өмүр бою калат. Менин күнөөм бийликти сындаганым, Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыкканым. Мына менин күнөөм.

Чындыгында мен саясий жолду тандаганда ар кандай провокацияга даяр болгом. Иманалиев менен Юкселдин күнөөлөнүшү туура эмес. Иманалиев буга чейин 35 миң сом үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган. Мамлекеттик айыптоочулар Иманалиевге 9 жыл сурап жатат. Юксел болсо бизнесмен. Юксел бир да жолу административдик жоопкерчиликке тартылган эмес. Каргыш деген жаман нерсе, 7 атага чейин кетет. Мени бийликти сындаганым үчүн күнөөлүү деп тапсаңар, өзүм отуруп чыкканга даярмын. Иманалиев менен Юкселди ойлоп койгула", - деди Шыкмаматов.

Бүгүн айыпталуучулар Ж.Иманалиев менен А.Юксел да сөз сүйлөшөт. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовго коюлуп жаткан айыптар боюнча өзүнүн аргументтерин келтирип, Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап сот залынан камакка алууну соттон сураган. Ал эми эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов ага коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, ага козголгон кылмыш ишти "саясий кысым" катары баалап келет.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.12.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коз карандысыз, адилет сотту биз жакынкы жылдары корбой калдык го, Кыргыз аймагынан.... Адам жийиркенээрлик иштер коп болуп атат. Акыры бир кун журуп баарыбыз жоопко тартылаарыбызды унутпасак ийги...
18.12.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камаса эч таң калбагыла бир адамдын көчү менен кеттабыз
18.12.2017. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жөн жерден камамак беле бир нерсеси барда мерсти жаңыртыш керек болчуда
19.12.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттор эсинерге келгиле,бул дуйнодо эчкимибиз туркук болуп калбайбыз баарыбыз Алланын алдында кылган ишибизге жооп беребиз
19.12.2017. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттор озунор деле ойлосонор бир машинаны сатыш учун дейсинер ошол машинасын базардан сатса деле коп болсо 2-3мин доллар арзан сатса керек эле 2-3$ учун кылмыш экенин билип туруп андай ишке барбаса керек 2-3 миллион болсо да башка соз эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: