"Германия сулуусу" оору жугузуп, боюнан алдырууга мажбурлаган бизнесменди сотко берүүгө камынууда




"Германия сулуусу-2012" сынагынын жеңүүчүсү 31 жаштагы Элин Мари Массел манхэттендик бизнесмен, "Autonomy Capital" ишканасынын башкы директору Роберт Чарльз Гиббинсти ВИЧ инфекциясын жугузганы жана боюндагы наристесин алдырууга мажбурлаганы үчүн сотко берүүгө камынууда. Бул тууралуу ал өзү чет элдик басылмаларга билдирген.
Маалым болгондой, экөө 2014-жылы таанышкан. Ошондон бери жылуу мамиледе жүрүп, бизнесмен сүйүктүүсүнө ар кандай баалуу белектерди алып берип турган. Анын ордуна бир гана нерсени талап кылган: эч кандай сактануусуз кошулуу.
"Биринчи жолу кошулгандан кийин эле ВИЧ илдетин жугузуп алганымды билдим. Ал мага ооруй турганын айткан эмес. Бирок ага карабастан мамилебизди уланта бердик. Анткени ал менин Манхэттендеги жашоомду камсыздап турчу. Арадан көп өтпөй боюма бүттү. Муну уккан Роберт эгер боюмдан алдырбасам мени да, баламды да карабай турганын айтты. Айла жок аборт жасатууга мажбур болдум", - деген ал.
Ошондой эле соңку учурда бизнесмен аны менен сүйлөшүүдөн качып, өзүнүн жубайы менен ажырашпай турганын билдирген. Мындан улам Элин Мари аны сотко берип, 15 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат өндүрүп алууну пландап жатканын айткан.
"Мен анын үй-бүлөсү, балдары бар экенин билчүмүн. Бирок ал мага жубайы менен ажырашып, мени аларын айткан. Эми минтип оору жугузганым аз келгенсип, боюмдан алдырганга да аргасыз болдум. Мен аны сотко берем", - деген ал.



Озун куноолусун. Акчасына байлыгына карап эле бардында уй-булоолу адамга.