super.kg logo

Сот журналисттерге экс-президент Атамбаевге миллиондогон сом компенсацияны бөлүп төлөөгө уруксат бербей койду

 

"Заноза.кг" сайтынын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупова экс-президент Алмазбек Атамбаевге 30 миллион сом компенсацияны бөлүп төлөө боюнча сотко кайрылышты.

Алар компенсацияны төлөөдөн баш тартпай турганын айтышып, ай сайын айлык маяналарынын 50 пайызын төлөп турууга даяр экенин айтышты. Прокурор мындай жол менен компенсацияны толук төлөө узакка созулуп кетерин айтып, арыздарды канааттандырбоону соттон суранды.

Жыйынтыгында сот журналисттердин жана экс-депутаттын 30 миллион сом компенсацияны бөлүп төлөө боюнча суранычын четке какты.

Мыйзамга ылайык, эгер айыпталуучулар белгиленген убакытта экс-президентке компенсацияны толук төлөп бербесе, аларга карата кылмыш иши козголуп 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту биринчи иши боюнча башкы прокурордун арызын толук канааттандырып, "Заноза" сайтын, анын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупованы жалпысынан 12 миллион сом доого жыккан.

Ушул эле күнү дагы бир доо арыз каралып, анда соттун чечими менен “Заноза” сайты жана журналист Нарын Айып өз-өзүнчө 3 миллион сомдон төлөөгө милдеттендирилген.

3-июль күнү кезектеги доо арыз боюнча соттук отурум болуп өтүп, анда да Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, сайт 6 миллион сомго, Нарын Айып 3 миллион сомго доого жыгылган.

4-июль күнү “Ата Мекен” партиясынын адвокаттарына байланыштуу доо арыз боюнча “Заноза” 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ошентип экс-президентке компенсанциянын көлөмү баш-аягы 30 миллион сомго жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(16)
19.12.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
АША абадан келген акчаларга комулот турба эми.
Ошол акчаны эми кайрымдуу иштерге жумшап сал Алмазик. Сен и так эле миллионерсин.
gute түзөттү 2017-12-19 13:04:34
19.12.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Уят уят ар-намыс деген калбаптыр 6 жыл жегени аз болуп атавы олгучейин жесе 1млн жейт калганы арам бойдон калат да
19.12.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
islamik,
Баарыле арам и так эле. Акыретте кыйын болот эми
Kojo1995 түзөттү 2017-12-19 14:01:09
19.12.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
islamik,1млн ду бир күндө жеп коёт
19.12.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ушунун атын уккум келбейт жазбагылачы
19.12.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сөзтандабас оозуна ээ болалбай казака былжырады эле эми казактар кыргыз ишкерлерин документально кысып атат. Границаны ачып койдук деп мактанганы менен кыргыздарга казака барып иш кылыш кыйын болуп калды. Дөөрүбөш керек чирик.
Adiletia түзөттү 2017-12-19 14:06:14
19.12.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Adiletia, ооба казакстанда иштеп жүргөндүн баары сөгүп атып апасынын боюнда болмой болду
19.12.2017. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ошондо не АША теневой президент а официальный президент Сооронбай болдубу.
19.12.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ady-88, туура ошондой болуп калды. Эми кыргызстанды экөө каалагандай калчайт. Бизде эми эки президент
Adiletia түзөттү 2017-12-19 13:48:31
19.12.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бул жагы маданятуу рекет болуп кеткенго.
19.12.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Авиакырсыкта жабыркагандарга чогулган акчаны да жеп кыйратып болуп бербеди ошол жонундо да маалымат бергилечи Супер
19.12.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аша 30.миллион сомду не кылат экен аа озу мулти миллионер эле бизге окшош инвалидтерге жардам берсе кичине мактоого алынат эле
19.12.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek56, элдер эшек минеэлекте аша ат минген го )))) албай эле койсо болмок
19.12.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх,ал акчанын баарын ичет да эми. Канча адамдын каргышына калды. Текебаев турмодон чыкса экен эми батыраак. Ашаны кичине адам кылып коймок беле деген ойдомун.
19.12.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арам акчалар тешип чыкса екен бүрөөнү ыйлатып жүрүп алынган акчалар тешип чыгат...
20.12.2017. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көз каранды ит соттор силерге наалат, каргыш болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: