ЖЫЛНААМА, 19-ДЕКАБРЬ: "Бүкүр тоо" тасмасы аркылуу таанымал америкалык актёр Жейкоб Жилленхол 37 жашка толду
Көптөргө "Бүкүр тоо" тасмасындагы бисексуал чабандестин ролу аркылуу таанымал америкалык продюсер, театр жана кино актёру Жейкоб Жилленхол 1980-жылы 19-декабрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Анын актёрлукка болгон шыгы кичинесинен байкалгандыктан алгачкы ирет тасмага 11 жашында тартылган. Ал эми дүйнөлүк атак-даңкты 1999-жылы тартылган "Октябрдагы асман" фильми алып келген. Дал ушул тасмадан соң белгилүү кинорежиссёрлордон киного тартылууга сунуштар түшө баштаган. Ал эми 2005-жылы тартылган "Бүкүр тоо" тасмасындагы образынан соң атактуулуктун туу чокусуна жетип, кино сынчыларынын абдан жакшы ой-пикирлерине татыган.
Актёр тууралуу кызыктуу фактылар:
- Ашпозчулук хоббиси. Ашканага жана кожейкелерге тиешелүү китептерди чогултууну жактырат;
- Баскетболдун ашынган күйөрманы;
- Будда динин карманат. "Мен өзүмдү башка улуттарга караганда еврей катары сезем", - дейт ал.
- "Супермендин кайтып келүүсү" тасмасында жөргөмүш кишинин образын аткармак. Бирок режиссёр анча таанымал эмес актёрдун аткаруусун каалап туруп алган;
- Бир тууган эжеси Мэгги менен бирге "Донни Дарко" фильминде чогуу роль аткарышкан;
- Көптөгөн белгилүү журналдардын сурамжылоосу боюнча "көз күйдүргөн бойдок" аталып келет;
19-декабрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.