Опера ырчысы Улан Асамидинов эл аралык "Романсиада" сынагында жеңишке жетти





Опера ырчысы Улан Асамидинов "Романсиада" эл аралык жаш аткаруучулар сынагынан баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы Асамидинов 17-декабрда Москва шаарында өткөн сынакта жеңишке жетишкен.
"Романсиада" сынагына тандоо бир жыл аралыгында көптөгөн өлкөлөрдө өткөн. Сынакка жалпысынан 300дөй жаш аткаруучулар катышып, жыйынтыгында Орусия, Казакстан, Польша, Сербия, Македония, Болгария, Өзбекстан, Украина жана Кыргыз өлкөсүнөн келген 12 аткаруучу финалга өткөн.
"Романсиада" - эл аралык жаш аткаруучулар сынагы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.