Жыл башынан бери Баткен облусунда жол кырсыгынан 12 өспүрүм каза болгон

Мындан улам учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 19-декабрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.
"Баткен ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы автобекеттерге барышып, Баткен-Бишкек маршрутунун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, алардын унааларынын абалы менен таанышып, аларга жолдо сак болуусун жана жол эрежелерине баш ийүүсүн талап кылышты. Мындан сырткары ар бир мектептерге барышып, ата-энелер менен биргеликте окуучуларга да жол эрежелерин сактоо максатында баарлашууларды жүргүзүп жатышат", - деди Юсупова.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.