super.kg logo

Өз өмүрүнө кол салган кыздын атасы буга ырчы Селена Гомес продюсерлик кылган телесериалды айыптады

 

Селена Гомес менен сериалдын каармандарыУшул жылдын апрель айында өз өмүрүнө кол салып каза болгон окуучу кыздын атасы буга "Эмне үчүн экенине 13 себеп" аталган телесериалдын жаратуучуларын жана аткаруучу продюсери Селена Гомести айыптоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 15 жаштагы Белла Херндон жогоруда аталган сериалды көргөндөн кийин өз өмүрүн кыйган. Жакында эле бул телесериалдын экинчи сезону жарыкка чыга турганы маалым болгондуктан, кыздын атасы аларга карата кайрылуу жасоону туура көргөн.

"Эсиңерде болсун, ар бириңердин кызыңар, эже-сиңдилериңер бар. Алардан дал ушул телесериалдын айынан айрылып калууну каалайсыңарбы? Кээ бир адамдар депрессияга кабылып жүргөн кезде силердин киноңорду көрүшөт. Ал адамдын психологиясына бул таасир бериши мүмкүн. Андыктан сериалды экранга чыгарбай эле койгула", - деген ал.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган телесериал - өз өмүрүнө кол салган Ханна Бейкер аттуу окуучунун тагдырын сүрөттөйт. Анын өлүмүнөн соң классташы анын суицидге баруусунун себептери жазылган кассетаны таап алат. Бул сериалды буга чейин да бир канча жолу окуучулардын өлүмүнө айыпташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.12.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корсотпой эле койсун, ансыз деле бизде кундо 12-14 жаш кыз бала озунун жанын кыйып атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: