super.kg logo

Омар: "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагындагы жеңишим үчүн акчалай сыйлык берилген жок"

 

Бири-бирине удаалаш кош жакшылыктар жашоосунан орун алган ырчы мырза Омар саналуу мүнөттөрдөн кийин SUPER.KG порталынын кезектеги коногу болот. Ал Алматы шаарында болуп өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан катышып 1-орунга ээ болуп, жалпы күйөрмандарына кубаныч тартуулады. Ал эми 2-декабрда Диана аттуу бийкечке баш кошуп, жакындары менен жакшылыгын белгилеген.

Тынымсыз изденүүнүн үстүндө жүрүп, башкалардан өзгөчө ыр, клиптерди жаратып келген Омардын соңку жеңиши, үй-бүлөсү, кыргыз маданиятына болгон көз карашы, чыгармачылык жолу, келечек пландары тууралуу сиз кызыккан суроолор болсо мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз.

Суроолорго түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.

15:10 Ырчы Омар SUPER.KG`нин түз эфирине кечигүүдө.

15:15 Омардын түз эфирдеги маеги башталды. Ал алып баруучунун "Ойготкуч суроолоруна" жооп берүүдө.

15:20 Суроо: "Silk Way Star" сынагында жеңишке жетип канча акчалай сыйлык алдыңыз?

Жооп: "Башында 10 миң доллардын тегерегиндеги акчалай сыйлык берилет деп айтып жатышкан, бирок сынак аягына чыкканда андай болгон жок. Долбоорду ишке ашырууга көптөгөн каражат жумшалып калды окшойт".

15:25 Суроо: Сиздин жеңишиңизге ичи тарыгандар болдубу?

Жооп: "Бул жеке эле менин эмес, долбоорго катышкан бардык катышуучу, уюштуруучулардын жеңиши деп эсептейм. Бирок сынактын аягында чын эле атаандаштык күч алып, ар кандай кептер айтыла баштады".

15:28 Суроо: "Жеңебиз жеңишиңиз менен куттуктап эмне белек берди?"

Жооп: "Жеңгенимди ноябрь айында билгем. Анда жубайым экөөбүз үйлөнө элек болчубуз. Өзү студент болгонуна карабай, чогултуп жүргөн акчасына бир сыйра кышкыга кийим алып берген. Эң негизгиси көңүл маанилүү эмеспи".

15:31 Ырчы окурмандын суранычы боюнча сынакта ырдаган француз тилиндеги ырын аткарып жатат.

15:35 Суроо: Динге берилип кеттиң, чыгармачылыкта эркиндик керек да, мунун айынан чыгармачылыктан алыстап кетпейсиңби?

Жооп: "Мен чеги менен ырчы болгум келет. Бул бир келген жашоодо адептүү өмүр сүрүү керек деп ойлойм".

15:38 Суроо: Омар мени экинчи жубай кылып алат белең?

Жооп: "Эки аял алганга шарият уруксат берет, бирок мен бир аялды тандайм. Куранда деле "бир аялың болгон жакшыраак" деп айтылат эмеспи".

15:41 Суроо: Чектен ашып кеткен күйөрмандарыңызга кандай карайсыз?

Жооп: "Аябай чектен ашкан деле күйөрмандарым жок, баары өз орду менен. Алардан дайыма ар түрдүү белектерди алам. Өзүм кызганчаак болгондуктан жубайым мени кызганбасын деп өзүмдү татыктуу алып жүргөнгө аракет кылам".

15:41 Суроо: Жашоодогу урааныңыз?

Жооп: "Алланын ыраазычылыгы үчүн жашоо".

15:43 Суроо: Жубайыңыз кандай кожейке болуп жатат?

Жооп: "Азыркы тапта Диана (ред. жубайы) бизди күндө түрдүү тамактары менен кубантып жаткан мезгили. Ал тамакты даамдуу жасайт, экөөбүз үйлөнгөнгө чейин 2 ай атайын курстарга барган".

15:45 Эфирде оюн орун алды.

15:47 Суроо: Жубайыңыз жоолук салынбай эле динди карманса болбойбу? Сиздер ар кандай иш-чараларга барганда жаш кыз каалаган кийимин кие албай кыйналбайбы?

Жооп: "Жубайым хиджап кийген эмес. Ал кыргызча эле чачын жаап жоолук салынып жүрөт. Жоолук менен деле өз табитине жараша саркеч жакшы көйнөктөрдү таап алат деп ойлойм. Ал жоолукту менин эмес, өзүнүн каалоосу менен салынган".

15:52 Суроо: Эгерде мен жаныңызда болсом колуңуздагы саатты белекке берет белеңиз?

Жооп: "Мен үчүн өтө баалуу болгон сааттар бар, мисалы, апам алып берген саат жөнөкөй, бирок мен үчүн өтө кымбат. Ал саатты тагынып жүргөн болсом бербейт болчумун. Негизи көп эле жолу сааттарымды белекке берген учурлар болгон. Бирок бирөөдөн белекке алган сааттарымды бере албайм".

15:55 Суроо: Кыргыз өлкөсүндө номер биринчи ырчы ким деп эсептейсиз?

Жооп: "Менин оюм боюнча, азыркы мезгилде эң алдынкы ырчы Мирбек Атабеков, аны көп кырдуу талант деп билем. Ар бир ырдап чыккан ыры өз угарманын табат".

15:57 Суроо: Чет элдик кайсы бир ырчы менен дуэт ырдайын деген оюңуз барбы?

Жооп: "Ырчылар келишимдин негизинде дуэт аткарышат. Азыркы тапта биздин өлкөгө кызыккан чет элдик ырчы жок. Дуэт жаздырууга каалоом бар, бирок мүмкүнчүлүк жок".

16:00 Суроо: Менеджериңиз Миргүл Эсеналиева менен көп жылдын бери чогуу иштешип жүрөсүздөр. Ал канча айлык алат?

Жооп: "Миргүл менин менеджерим, бирок аны менеджер гана эмес өзүмдүн эң жакын адамым катары билем. Канча айлык аларын айта албайм. Эң негизгиси ал бардык жактан колдой алат, мен ага толугу менен ишенем. Өзү кээ бир эркектерге караганда "эркекче" жүрөт".

16:08 Суроо: Сынакта Казак өлкөсүнүн ырчысы Айкын менен мамилеңиз жакшы эместей көрүндү. Буга себеп эмне?

Жооп: "Айкын менен болгон мамилем жакшы. Сынактын аягында атаандаштык күчтүү болду, бирок Айкын менен эмес. Болгону сынактын финалында тирешүү абдан күчтүү болуп кетти. Жубайымдын колун ошол жактан сурайын дегем, бирок башка катышуучулар "Омар шоу жасады" деп нааразы болбосун деген ойдо андай кылган жокмун".

16:13 Суроо: Жаңы жылга кандай пландарыңыз бар?

Жооп: "Учурда мен иштеп, Диана окуусу менен алек. Жаңы жылдан кийин үлпөт тойдо белекке алган жолдомолор менен чет өлкөгө барып эс алып келүүнү баштайбыз".

16:15 Ырчы Омардын түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.




кошулду





Омар: "Сынакта жеңишим үчүн акчалай сыйлык берилген жок"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
20.12.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Омар байке. Куш боонуз бек болсун жана жинишиниз менен куттуктайм. Конкурста кайсыл мамлекеттин ырчысын жакшы бааладыныз. Сизди Эфенди баалаганда абдан суйундук.
20.12.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өмүрбек өмүрлүү,таалайлуу,бактылуу бол!Апаңды эч убакта капа кылбагыла келинчегиң экөөң тең!
20.12.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көөп балалуу болгула!Өзүңдүн каалоо тилегениңдей!
20.12.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар кандайсыз? Куш боо бек болсун жана женишиниз менен куттуктайм.
Сынактан кийин атандаштарыныздын мамилеси кандай болду?
jaskaaa түзөттү 2017-12-20 15:24:59
20.12.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боонуз бек болсун. Жениш кут болсун. Бактылук болунуз.
20.12.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалому алейкум Омар кандайсын сенин ырларынды аябай жакшы коруп угам ишине ийгилик келинчегин менен бактылуу бол !!!супен кг силерге да ийгилик ар дайым бар болгула!
20.12.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айкын неге сизди колдобой койду.мамиленер анча эмеспи?сынактын аягында катышуучулар эки тарапка болунуп алгандай болду жарымы сизге жарымы маликага?
20.12.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы? Кандайсыз Омар байке. Сизди оз байкемдей жакшы кором. Сиз уйлонгондо аябай кубандым. Качан концерт койоюн деген ойунуз бар? Сиздин чыгармачылыгынызды аябай сыйлайм.
20.12.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассолому алейкум! Омар иштеринизге ийгилик! Бактылуу болунуз! Сиздин ырларынызды жакшы коруп угам. Чыгармычылык жолго тушорунузго ким туртку болду? Мунарбек
20.12.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам алейкум Омар Silk sway star да сизден башка кимди женишке таатыктуу деп оилойс?
20.12.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жубайыныз менен качан чогу маек бересиз?
20.12.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Саламатсызбы Омар! Сиздин жанынызда дайыма колдоп коштогон Миргуль (Микуся) Эсеналиева деген эже бар. Коп жыл болду жанынызда жан уроп жургонуно ошол адам сиз учун продюсериниз, досунуз дагы ким? КАндай келишимде иштешесинер? Ал сиз менен иштешуудо гонорар алабы?
20.12.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Омар адашпасан эн мыкты ырчы Бек Борбиев десен туура болот.Мирбек Атабеков дейсинда адашып аны Ким угат озу
20.12.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Омар кыргызстандын атынан барып уттун бирок акчалай сыйлык да бериши керек ошончо кун ырдатып женуучуго акчалай сыйлык бербей койгону туура емес
20.12.2017. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча берсе жакшы болмок бирок элге таанылды талантын баалашат бул нерсе анча мынча акчадан да жогору турат менимче
SUPER.KG видео
21.12.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
абдан маданияттуу жигит,азаматсыз сиз мыктысыз бактылуу болунуз!!!
SUPER.KG видео
21.12.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Молодец Омар ырчылыкты да Аллах таалам жонокой адамдарга бере бербейт!
21.12.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин оюмча silk way star сынагына Омардан башка ырчы барса женишке жетуу кыйын болмок же жениши жок келмек. Сынакта Омар озун татыктуу корсотту. Дуйнолук хиттерди аткаруу абдан кыйын болсо кк. Бул жагынан Омардын денгээлинмн бийиктинин далилдеди. Мисалы Нурлан Насип сыяктуу ырчылар мындай сынактарга катыша да алышпайт.
nargiz-sa түзөттү 2017-12-21 13:53:11
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: