Ысык-Көлдө тамеки тартуудагы этиятсыздыктан жарандын үйү өрттөнүп өзү ооруканага түштү
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам жарандын үйү өрттөнүп, өзү ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-декабрда саат 08:30дар чамасында өрт өчүрүү бөлүмүнө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында турак жай өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине барган өрт өчүрүү кызматкерлери саат 10:00гө чейин өрттү толугу менен өчүрүп бүтүшкөн. Тилсиз жоонун кесепетинен турак жайдын уктоочу бөлмөсү өрттөнүп, үй ээси 37 жаштагы В.С. ууланып райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.