Чүйдө айдоочу унаасы менен Аламүдүн суусуна түшүп кетип каза болду

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында айдоочу унаасы менен Аламүдүн суусуна түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-декабрда саат 10:10дор чамасында ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Кой-Таш айылында айдоочусу менен Аламүдүн суусуна түшүп кеткен унааны дарыядан чыгарышкан. Сууга түшүп кеткен Volkswagen Jetta үлгүсүндөгү унаанын 43 жаштагы Ш.Н. аттуу айдоочусу куткаруучулар барганга чейин эле каза болуп калган. Маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылгандан соң милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.