super.kg logo

Түгөйлөрдү бекем үй-бүлө курууга үндөгөн "Бажарики-2" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү

 

21-декабрда "Бажарики-2" тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Ага кино жаратуучулар, андагы актёр, актрисалардан сырткары Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жана шоу-бизнестин көрүнүктүү жылдыздары келишти.

"Бажарики-2" тасмасына аталган фильмдин биринчи бөлүгүндө роль жараткан Жоробек Аралбаев, Улан Жумабаев, Улан Барпиев, Максат Үсөнов, Атай Өмүрбеков, Шумкар Бейшеналиев, Радик Эшимов, Нуриза Бектурова жана башкалар тартылышкан. Фильмдин режиссёру - Амантур Ормуков, продюсери Нурлан Жаныбеков.

Продюсердин айтымында, кинонун экинчи бөлүгүн тартуу биринчи бөлүгүн тартууга караганда бир топ кыйынчылыкты жараткан.

"Тасманы 3 айдын ичинде Ысык-Көл облусунда тарттык. Чынын айтсам, киного бөлүнгөн бюджет бир аз тартыш болгонуна карабай, биз ойлогондон да көбүрөөк каражат кетип калды. Тагыраагы, 50 миң доллар жумшалды. Тартуу учурундагы эң эсте калганы тасмадагы бажаларга ноябрдын суугуна карабай көлгө түшүүгө туура келди. Ушул эпизодду тартуу абдан күлкүлүү болду", - деди ал.






Үй-бүлөнү сактап калууга үндөгөн "Бажарики-2" тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
22.12.2017. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жеңишбек менен майрамбек катышпаса жакшы анда. А то ал экөө тажатты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: