super.kg logo

"Оптима Банк" Visa Platinum картасын чыгара баштады

 

Жаңы жылдын алдында “Оптима Банк” Visa Platinum сый акы картасын берүү менен, өзүнүн кардарларын кубантты.

Visa Platinum – бул Visa төлөм тутумунун сый акы картасы. Бул карта негизги төлөм функциясынан сырткары Visa Gold'го салыштырмалуу арзандатууларды жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү дагы көбүрөөк берет.

Картанын өзгөчө бет ачары “Асанбай” арт борборунда 2017-жылдын 14-декабрында өттү. Бет ачар филармониялык оркестрдин коштоосу алдында жылуу жана достук маанайда өттү. Бет ачарда кыргыз эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Банктын кардарлары үчүн “Оптима Банктын” тарыхына 25 жыл” темасында сүрөт көргөзмөсү уюштурулган, анда анын уюшулганынан тартып тарыхын чагылдырган сүрөттөр коюлган.

Банктын 25 жылдык мааракесине жана Visa Platinum картасынын бет ачарына арналып, лотереяда алтын уютмалары, албетте, Visa Platinum сый картасы ойнотулду. Visa Platinum картасы менен Сизге жайлуулук, ыкчам сервис, финансылык эркиндик, ошондой эле төмөндөгүдөй эксклюзивдүү артыкчылыктар кепилденген:

  • 4 валютада: сомдо, АКШ долларында, евродо жана Орус рублинде алмаштыруусуз операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү мультивалюталуулук;
  • Сиз Банктын бөлүмдөрүндө, банкомат аркылуу же акча которуу жолу менен аткаргандыгыңызга карабастан акчаларды чегерүү акысыз;
  • Төлөө комиссиясыз, ошондой эле жакшы арзандатууларды алуу мүмкүнчүлүгү;
  • Минималдуу комиссия менен же акысыз түрдө Интернетте төлөмдөрдү жүргүзүү;
  • Кыргызстан жана дүйнө жүзү боюнча арзандатуулар программасы;
  • AIRPORT SPEEDPASS программасы;
  • Lounge key (Аэропорттун бизнес-залына кирүү мүмкүнчүлүгү);
  • Кеңири колдоо, штаттан тышкаркы жагдайлар пайда болгон учурда, Сиз дүйнөнүн кайсы бурчунда болбоңуз колдоо аласыз;
  • Visa Platinum картасынын ээлерин медициналык жана маалыматтык колдоо;

Visa Platinum картасы менен Сиз, таасир калтыруучу финансылык эркиндик, тынчтануу жана өзүңүзгө болгон терең ишеним менен ырахаттана аласыз.

24/7 Күнү-түнү иштөөчү контакт борбор: (312) 90 59 59, 0- 800-100-00-00* («Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз, Beeline тармагынын абоненттери үчүн кыска номер: 1001 (чалуу акысыз),
Megacom*: тармагынын абоненттери үчүн кыска номер: 1001 (чалуу акысыз).
Сиз ошондой эле contact-center@optimabank.kg электрондук почтасы боюнча суроо берсеңиз болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.12.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Goldго...
22.12.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Единица салса болобу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: