super.kg logo

Ысык-Көлдө кош бойлуу келин менен кошо дагы үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү кыз 10 жылга шарттуу кесилди

 

22-декабрда Ысык-Көл райондук соту райондогу "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, 4 адам каза болгон факты боюнча козголгон кылмыш ишине карата чечим чыгарды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жактоочулук кылып сотко катышкан Болот Абдырахманов SUPER.KG'ге сот кандай чечим кабыл алганын айтып берди.

Анын кабарлашынча, сот Мерседес-Бенц унаасын башкарып баратып жол кырсыгына күнөөлүү болгон 23 жаштагы кызды 10 жылга шарттуу кесип, 3 жыл унаа башкаруусуна тыюу салды. Сот чечими күчүнө киргенден кийин кыздын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал үйүнө чыгарылат. Анын жүрүм-туруму 3 жыл Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи Май району боюнча жаза аткаруу инспекциясынын көзөмөлүндө болот.

Ал эми унаа ээси Т.Т. аттуу жаран болгон. Ага жабырлануучу тараптар тосмо арыз жазып бергендиктен сот тарабынан жоопкерчиликтен бошотулду.

Жактоочу Абдырахманов "Тез жардам" унаасы боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дооматы сот тарабынан кароосуз калтырганы туура эмес чечим болгонун белгиледи.

"Жол кырсыгына кабылып жараксыз болуп калган унаа 1 миллион сомго жакын акчага 2 жыл мурун эле сатып алынган болчу. Ошондуктан аны төлөтүп алуу үчүн доомат коюлган. Бирок сот дооматты кароосуз калтырды, чогуу эле карап чыгыш керек эле. Соттун мындай чечиминен кийин күнөөлүү тарап унааны төлөп бербей коюшу мүмкүн. Жакынкы күндө соттун чечими колубузга тийсе облустук сотко доо арыз менен кайрылабыз", - деди ал.

Эске салсак, 2017-жылдын 1-октябрга караган түнү саат 3:00 чамаларында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, ичинде бараткан 4 адам каза болгон. "Тез жардам" кызматы райондогу Бает айылынан кош бойлуу аялды Чолпон-Атадагы төрөт үйүнө алып келе жатканда Мерседес-Бенц унаасы катуу ылдамдыкта келе жатып "Тез жардам" унаасынын артынан сүзгөн. Натыйжада дарыгерлердин унаасы оодарылып кетип анда бараткан айдоочу, дарыгер, кош бойлуу аял жана анын жакыны каза болгон.

"Тез жардам" унаасынын артынан сүзгөн Мерседес-Бенц унаасын ошол учурда 23 жаштагы Жибек аттуу кыз башкарып бараткан. Кыздын алкоголдук ичимдикти ичкени текшерилип, спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(49)
23.12.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Шарттуу кесилди деген акталды деген эле соз да
23.12.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Торт адам мерт кетти... А бул шарттуу кесилип отурат, Кудай азабынды берсин!
23.12.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Begimkyz,келиндин курсагындагы бала менен бешоо...
23.12.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошондо акчасы коп байлар кыздарды мас кылып рулга отургузуп алып каалашынча ылдамдыкта айдап журо берсе болот экен да,а кыз эчкандай жоопкерчилик деле тартпаптыр,шарттуу дегени анча мынча милицияга барып кабарын билдирип турганы эле болбосо кадимкиле жашоо. Кыскасы акыйкат сот болбоптур. Башкаларга эскертуу бере турган чечим чыгарыш кк болчу...
23.12.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ушинтип отурса кайдан жол кырсыгы азаят эле...
23.12.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Акча суйлогон жерде акыйкат ыйлап турат....
23.12.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Рульда кыз эмес бала эле болсо керек мойнуна ала бер мен сени чыгарып алам деп кызды күнөөлү кылып койсо керек
23.12.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Jelezo,фантазиян кучтуу го
23.12.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
modem4999,бирок Jelezoнун фантазиясындай эле ошондой создор тараган
23.12.2017. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jelezo, кыз озу талашып отуруп алган экен...
23.12.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сот туура чечим кабыл алса болмок корот элем эгерде ошол соттун жакын тууганы агасы эжеси же иниси болсо шарттуу кескенин омур бою эркинен ажыратмак кызды.
23.12.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
4 адамды олтурсо анан мас болуп айдаган болсо машинаны. Эмнеге уй камагына чыгардынар?
Кучотулгон тартипте 10 жылга кесиш керек болчу даже 10 жыл дагы аз болмок
23.12.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Соттор аман эле болгула
23.12.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Иса Омуркуловдун баласы да 4 адамды олтуруп сот актады эле. Бир тоок уурдап бир нече жылга кесилгендер бар. Соттор бийликтики же пулун болсо кулунмун деген акмактар. Анан кантип ушу сот соройлордон акыйкат, калыс чечим кутсо болот?
23.12.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
5 адамдын омурун алган адамды Аллах озу соттойт.Калп болумуш соттор аман болсун.
23.12.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Акча м.н акталып чыгып кететго..бир бай адамдын кызы болсо керекда
adi_ko.kg түзөттү 2017-12-23 15:03:21
23.12.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Мас абалда рулга отурган адам убийцадан эмне айырмасы бар.Арак ичпей,башыны ичкир.просто жинин келет да
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: