Бишкекте автобус менен жеңил унаа кагышып, айдоочулары чырдаша кетти



Бишкек шаарындагы Чүй-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Анда эл ташыган унаа - автобус менен жеңил машина кагышты.
"Эки унаадан тең айдоочулар түшүп чырдаша кетти. Жеңил унаанын айдоочусу ачууланып автобустун айдоочусун чаап жиберди", - деп билдирди кырсыктын күбөсү.
Жол кырсыгы бүгүн, 24-декабрда саат 21:30дар чамасында орун алган. Окуя болгон жерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери чакырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Айдоочулар мал болуп калдык окшойт.