super.kg logo

Элчилик: "Москвада үйдүн чатырында кар күрөп жатып кулап каза болгон Кыргыз жараны боюнча полиция иликтеп жатат"

 

Орусиянын Москва шаарында үйдүн чатырынан кулап каза болгон Кыргыз жараны боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда окуя 24-декабрда саат 11:00дөр чамасында болгон.

"Нурбек Матмусаев аттуу 32 жаштагы Кыргыз жараны Москва шаарынын Кабельная-2 көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин чатырындагы карды тазалап жатып кулап кетип каза болгон. Ал ошол жерде көчө шыпыргыч болуп иштеген. Учурда бул иш боюнча полиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Орусиянын басылмалары Москва шаарында Кыргыз жараны үйдүн чатырындагы карды тазалап жатып кулап кеткени тууралуу жазып чыгышкан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
25.12.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Oz mekenibizde jumush bolgondo tentip bawka shaarga ketiwpeit ele...
25.12.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайран элим ботон элде кул болуп, кырсыктап каза болууда. Жакындарына сабыр тилейбиз, жайы жаннаттан болсун!
25.12.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Посольствого эми жеттиби бул кырсык.
Туштон кийин аран маалымат таратып жатканын
26.12.2017. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул посольстванын барынан жогу жакшы бир пайдасы жок мигрантарга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: