super.kg logo

Жогорку Сотто "Сентябрь" телеканалы боюнча соттук отурум башка күнгө жылдырылды

 

"Сентябрь" телеканалынын иши карала турган соттук отурум башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, отурум 27-декабрда уланмакчы.

"Сентябрь" телеканалынын өкүлүнүн ишеним катына компаниянын генералдык директору эмес, анын жардамчысынын колу коюлуптур. Сот аны туура эмес деп таап, кийинки жолу телеканалдын өкүлүнүн ишеним катына генералдык директордун колун койдуруп келүү талабын коюп отурумду жылдырган", - деп билдиришти мекемеден.

Айта кетсек, Башкы прокуратура сотко 2016-жылдын 29-сентябрында Абдылда Капаров аттуу жаран Жалал-Абадда "Сентябрь" телеканалына 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу маек берип жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган пикирин айтканын жүйө келтирип телеканалды жабуу өтүнүчү менен кайрылган. Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн карап, 2017-жылы 22-августта каналдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Чечим күчүнө киргенден кийин аталган канал ишмердүүлүгүн токтоткон. 13-ноябрда "Сентябрь" телеканалынын жетекчилиги Биринчи Май райондук сотунун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.12.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сот болобу же "жылдырылды" ,"жактоочусу ооруп калды",Же озу ооруп калды ,бир сааттан кийин бололт деген жазуулардан жададым.Качан болгондо жазгыла же эч жазбай койгулачы,.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: