Египет өлкөсү Ак-Суу балдардын калыбына келтирүү борборуна жана Ак-Суу райондук аялдардын психоневрологиялык үй интернатына жардам берди
Египет Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу балдардын калыбына келтирүү борборуна жана Ак-Суу райондук аялдардын психоневрологиялык үй интернатына гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жардам катары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 10 коляска, 5 принтер берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

