super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ДЕКАБРЬ: Болливуддун эң сымбаттуу мырзасы аталган белгилүү актёр Салман Хан 52 жашка толду

 

Салман Хан - Болливуддун эң таанымал актёр, ырчы жана алып баруучусу. Көпчүлүккө "Тоннелдеги жарык", "Султан", "Сокку" жана башка тасмалары аркылуу таанымал актёр 1965-жылы 27-декабрда Индияда туулган.

Ата-энеси кино тармагында эмгектенген адамдар болгондуктан 1988-жылы алгачкы дебюттук ролун аткарган. Бирок ал образы калың элдин эсинде сакталып калган эмес. Кийинчерээк "Мен сен үчүн киммин?", "Сүйүүдөн коркуунун кереги жок", "Менин сүйүктүүм" жана башка бир топ тасмаларга тартылып, атактуулуктун туу чокусуна жете алган.

1999-жылдардан тарта ал тартылган "Түбөлүк сеники", "Өнөктөш", "Мага турмушка чык" жана башка тасмалар Болливуддагы эң кирешелүү фильмдердин катарын толуктаган.

2004-жылы америкалык "People" басылмасынын жыйынтыгы боюнча Индиядагы эң сымбаттуу мырза аталса, дүйнөдөгү сымбаттуу мырзалардын ичинен 7-орунду ээлеген.

Белгилүү актриса Айшвария Рай менен болгон мамилеси тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай айтылып келген. Ал эле эмес, актриса башкага турмушка чыгып кеткенине ачууланган Салман Хан аны ар кандай жол менен коркутуп-үркүткөнгө чейин барганы айтылат. Мындан улам Райдын ата-энеси укук коргоочуларга кайрылууга аргасыз болушкан.

Салман Хан тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Салман Хан окуучу кезинен тарта сууда сүзүүгө кызыккан. Эгер актёр болбосо, ушул жааттан өзүн сынап көрмөк;
  • Уяттуу сценарийлерден баш тартып келет. Ушул кезге чейин тартылган тасмалардын арасынан ачык өбүшкөн эпизодду кездештирүүгө мүмкүн эмес;
  • Өтө формалдуу кийингенди жактырбайт. Кийимдеринин көбүн Лондондогу жана Сингапурдагы дүкөндөрдөн сатып алат;
  • Кайрымдуулук менен алектенип, оорулууларга жардам иретинде кан тапшырып турат;
  • Сүйүктүү актёру - Сильвестр Сталонне;
  • Автоунааны мас абалында айдаганы үчүн бир эмес, бир канча ирет айыпка жыгылган;

27-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: