super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ДЕКАБРЬ: Жашоосу өзү тарткан тасманын сценарийине дал келген орусиялык актёр жана режиссёр Сергей Бодров көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак

 

Өзүнүн тасмада жараткан ролдору менен гана эмес, мыкты алып баруучу катары көпчүлүктүн эсинде калган белгилүү актёр Сергей Бодров көзүү тирүү болгондо бүгүн, 27-декабрда 46 жашка чыкмак.

Ал 1971-жылы Москва шаарында төрөлгөн. Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүн бүтүрүп, өз кесиби менен иштебестен журналист, жан сакчы болуп эмгектенген.

1996-жылы актёрдун атасы уулун "Кавказ туткуну" кино тасмасынын башкы ролуна тандап алган. Тасма тартылган соң көпчүлүк аны сынга алып, өзүнүн баласын атактуу кылуу аракетин көрүп жатат деген сөздөр тараган. Бирок тасма көрүүчүлөрдүн жана кино сынчылардын купулуна толуп, "Ника", "Кинотавр" сыйлыктарына татыган.

Белгилүү режиссёр Алексей Балабанов "Кавказ туткуну" тасмасында тартылган жаш актёр Бодровдун талантын байкап өзүнүн "Ага" тасмасына тартылууну сунуштайт. Өзүнүн образын мыкты ачып берген Сергейге бул тасмадан кийин көптөгөн сунуштар түшөт.

1996-жылдан 1999-жылга чейин Сергей Бодров ОРТ телеканалынын "Взгляд" телеберүүсүн алып барып, ал жерден өмүрлүк жары Светлана Михайловага жолугат. Экөө 1997-жылы баш кошуп, бир жылдан кийин Ольга аттуу кыздуу болушкан. 2002-жылы Александр деген уулу төрөлгөн.

Жаңыдан уулдуу болуп сүйүнүп турган кезинде Сергей Бодров "Связной" деген тасманы Осетиядагы окуяга байланыштырып тартмай болот. Режиссёр да болуп, кинонун сценарийин да жазган ал 19 кишини алып Кавказга аттанат. 20-сентябрда 30 жаштагы актёр кино тартуу үчүн Кармадон капчыгайына кире бергенде 150 метр көчкү басып, адамдар дайынсыз жоголгон. Алардын сөөгүн коопсуздук кызматында иштегендер күнү-түнү издешсе да кырсык болгон жерден эч кимиси табылган эмес.

Көпчүлүктү таң калтырган факт - актёр жазган "Связной" тасмасынын сценарийи боюнча кинонун соңунда бардыгын көчкү басып, бир гана башкы каармандар аман калмак. Дал ошол сценарийде жазылгандай башкы каармандардын ролун жараткан эки актёр аман калып, калган команда мүчөлөрү көчкү алдында көз жумушкан.

27-декабрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: