Асынып каза болгон кыздын видеосун тараткан милиция кызматкери жумуштан бошотулду

Асынып каза болгон кыздын видеосун тараткан милиция кызматкери жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Бишкекте каза болгон кыздын жансыз денесине ыкчам тергөө иштери жүрүп жатканда аны видеого тартып алып, башкаларга таратып жибергендиги үчүн кызмат ордунан бошотулган.
Эскерте кетсек, буга чейин милиция кызматкери асынып өлгөн кыздын жансыз денесин видеого тартып, аны WhatsApp аркылуу башкаларга таратып жибергендиги маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
2

сом штраф
Ал милицияны 1-2 жылга жатак абакка окум кылып камаш керек... Озуно да, башкаларга да сабак болот.....