Кара-Сууда айылдашын сабап, ага болушкан кишини бычак сайып өлтүргөн адамга кылмыш иши ачылды
17-ноябрда саат 19:00 чамасында Кара-Суу районунун Нариман кыштагында оор кылмыш катталды. Аталган айылдын 54 жаштагы жашоочусу М.К. 34 жаштагы айылдашы менен чырдашып кетип, металл буюм менен башына бир канча ирет соккулап жиберген. Окуя учурунда жабыркаган адамдын жакындары жетип келишип, арачыламак болушат. Кылмышка шектүү адам жардамга келген кишинин ичине бычак сайып салган. Жабыркаган адам ошол жерден эле жан берген. Кара-Суу РИИБи окуя боюнча кылмыш ишин козгоду, бул оор кылмыш боюнча иликтөө иштери башталды. Кылмышка шектүү жаран өзү да жаракат алып, учурда ооруканада дарыланууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Joke82

19.11.2012. 20:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынч жашаса болбойт беле бирин олуп бирин кал мага п
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.