super.kg logo

Орус элчиси Андрей Карлов каза болгон көргөзмөнүн уюштуруучусу суракка алынды

 

Анкарадагы сот былтыркы көргөзмөнүн уюштуруучусу Мустафа Тимур Озканды Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө тиешеси бар деген негиз менен суракка алды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, сурактан соң прокуратура элчини өлтүргөн Мевлют Мерт Алтынташтын телефонундагы бардык маалыматтарды ала алышкан. Бул иш боюнча түрк эли менен орустар биргеликте иликтөө жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 19-декабрында Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго Түркиядагы көргөзмө учурунда куралчан адам ок атып, дипломат окуя болгон жерден каза тапкан. Элчиге ок чыгарган Мевлют Мерт Алтынташ ошол жерде полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Бул кылмышка катыштыгы бар делип, бир канча адам кармалган. Алардын арасында ТРТ мамлекеттик каналынын мурдагы кызматкери, "Gündem Avrasya" жана "Gündem Rusya" журналдарын чыгарган "Guru Medya" ишканасынын ээси да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: