Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа 3 унааны сүзүп, 1 адам каза болду
28-декабрь күнү кечки саат 5терде Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, Тойота ОРА, ДЭУ Нексия, ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү 3 унааны сүзүп кетти. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилишкен. Ошондой эле 2003-жылы туулган С. уулу С. Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ошол жерден каза болгон. Окуя болгон жерге КР ӨКМнын №94-өрт-куткаруу бөлүмүнүн 3 куткаруучусу барып, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Кандуу жол болмой болдуго