super.kg logo

Жаңы жыл жылдыздар үчүн? Бакыт Байсариев 16 жылдан бери үйдөн Жаңы жыл тосо элек болсо, Самара Каримова түнкү 12ге чейин үйүнө келип калат

 

"Жаңы жыл - үй-бүлөлүк майрам, бул күндү колдон келишинче үйдө, үй-бүлө менен тосуу керек" деген кептерди угуп эле жүрөбүз. Ошентсе да жумуш шартына байланыштуу жылдын башын үйдөн эмес таптакыр башка жактардан тосуп калгандар жок эмес. Бул көбүнчө эл кызматындагы чыгармачыл инсандарга тиешелүү. SUPER.KG порталы "Жаңы жылды үйдөн тоспой калган учур болду беле?" деген суроо менен кыргыз шоу-бизнесиндеги атактууларга кайрылып көрдү.

Бакыт Байсариев: "Жаңы жылды үйдөн тосо элегиме 16 жыл болду"

"Жаңы жылды үйдөн тосо элегиме толук 16 жыл болду. Алгач бийчи, кийин тамада, алып баруучу катары тойлордо, корпоративдерде кызмат кылып жүрдүм. Бир жолу көчөдө, бир жолу таксиде тосуп калган учурлар да болгон. Быйыл да жылдагыдай эле эл кызматында болом. Үй-бүлөм менен 1-январда майрамдайбыз".

Самара Каримова: "Түнкү 12ге чейин үйгө келип калам"

"Жыл сайын 31-декабрь күнү кайда гана болбоюн, сааттын жебеси түнкү 12ни какканга чейин үйгө келип, жаңырган жылды үй-бүлөм, балдарым менен тосуп келем. Бир да жолу үйдөн сырт жакта тосуп көрө элекмин. Ал эми мындан ары кандай болот билбейм. Эл адамы болгон соң алардын жакшылыгы менен тең бөлүшүп, эл менен чогуу тосуп калышым деле мүмкүн. Менимче элге кызмат кылгандын эч кандай жаманчылыгы жок".

Эркин Рыскулбеков: "Жаңы жылды үйдө тосуу үчүн командировкадан баш тарткам"

"Кудай буюрса, быйыл 29-Жаңы жылды тосом. Бирок ушул убакытка чейин бир да жолу үйдөн алыста болуп, майрамды сырттан тосуп калган учурум болгон эмес. Бир жолу 31-декабрда командировкага чыгыш керек болгон. Мен андан баш тартып, жетекчиликке Жаңы жылды үй-бүлөм менен тосушум керек экендигин түшүндүргөм. Быйыл да айылга барып, жакындарым менен бирге тосуу алдында турам".

Асема Токтобекова: "Быйыл Жаңы жылды аянтта тосом"

"Биздин үй-бүлөдө бир салт бар - Жаңы жыл күнү кайда болсок да, чогуу болушубуз керек. Мындан улам үйдө эмес, башка жакта болсок да бирге тособуз. Мисалы быйыл Жаңы жылда аянтта ырдамай болдум. Жолдошум, балдарым да менин жанымда болот"

Ильяз Андаш: "Жаңы жылды дайыма ата-энем менен тосом"

"Ушул кезге чейин бир да жолу көчөдөн Жаңы жыл тосуп көргөн эмесмин. Жыл сайын 31-декабрда Караколго барып, ата-энем менен чогуу майрамдайбыз. Үйлөнгөндөн кийин да бул салт бузулган жок. Бир гана жолу жубайым кош бойлуу болуп ай-күнүнө жетип отургандыктан, айылга бара албай калганбыз. Кызым 5-январда жарык дүйнөгө келген. Быйыл жылдагыдай эле туугандарыбыз менен айылдан чогулабыз"

Нурмат Садыров: "Дүкөндүн алдында тоскон Жаңы жыл эстен кетпейт"

"Мурдагы жылы мен, Данияр Эрматов, Аваз Акимов болуп Жаңы жылда аянтта ырдаганбыз. Үчөөбүз тең ырдап бүткөн соң саатты карасак түнкү 11:30 болуптур. Тезирээк үйгө жетүүгө аракет кылалы десек, жол тыгын. Баары бир жетишпей турганыбызды сезип, борбордогу дүкөндөрдүн бирине кирип таттууларды, суусундуктарды алып чыктык. Сыртка чыксак, ошол дүкөндө иштеген кызматкерлердин баары Жаңы жыл тособуз деп бири-бирине каалоо-тилек айтып, жардыргычтарды аттырып турушуптур. Жалгыз болбойлу деп биз да аларга кошулуп алып, Жаңы жыл тосконбуз. Ошол такыр эстен кетпейт"

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
30.12.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы, уй булон мн тосконго эмне жетсин
30.12.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин окуучу кезде уйдо озум жалгыз,уктап жаны жыл тоскон кезим коп бо́лгон(((
30.12.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pandora,мен да окуучу кезде тунку 12 ге 1 саат калганда жата турайын деген боюнча уктап калгам. Уйдогулор ойготпой эле коелу дешип,эртеси ыйлагам
30.12.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иляз Андаш жагат ,жүрүм турумдары бир калыпта ,тарбия көргөн бала экени да билинип турат.
30.12.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайдан тосонор ошол жактан тоскула
30.12.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12 де тируу бироону тосуп алгандай суйлойсунорда, артистерге болоберет динден тушунук жок.
30.12.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ар бир аткан тандан аман эсен чыкканыбызга ар бир тунду коргонубузго шугур кылалы
30.12.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А биз болсо уктайбыз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: