super.kg logo

Майрамдан кийин да өзүңүздү жакшы сезүү үчүн жаңы жылдык дасторконго кандай ичимдиктерди тандоо керек?

 

Жаңы жылдын астындагы кымгууттун себебинен майрамдык дасторконго ичимдик тандоого убакыт бөлө албайбыз. Бизге таанымал, көнгөн эле ичимдиктерди алууга туура келет. Ошондуктан контрафактылык азык өндүрүүчүлөр же мөөнөтү өтүп бара жаткан продукциядан "кутулгусу" келген сатуучулар учурдан пайдаланышат.

1-январда өзүңдү жакшы сезүү үчүн, алкоголдук ичимдикти кантип тандоо керектигин бизге "Абдыш-Атанын" кызматкерлери айтып беришти.

Биринчи эреже - ыкыластуу болуу

Алкоголдук ичимдиктин этикеткасында эмне болушу керектиги тууралуу мамлекеттик катуу эрежелер коюлган. Анда сөзсүз 2 тилде ичимдиктин түрү, юридикалык дареги, суусундуктун күчтүүлүгү, көлөмү, лицензиянын номери жана чыгарылган жылы болушу керек. Эгер өнүм импорттук болсо бул стандарттар биздин мамлекеттин жөнөтүүчүсү менен сакталат - сиздер кошумча чаптагычты көрүп жүрсөңүздөр керек.

Андан тышкары, азыктын жарактуулук мөөнөтүн, бузулбагандыгын кароо абдан маанилүү, эгер сыра жөнүндө айта кетсек, ал жаңы чыгарылган болсо даамы дагы эң эле сонун болот.

Сыранын катарынын сүрөтү

Жасалма өнүм ар дайым түп нускадан айырмаланып турат. Сейрек учурларда бул айырма дароо эле көзгө илинет: кыйшык чапталган этикетка, өзгөртүлгөн логотип же аталышында бир тамга жетишпегендиги, бөтөлкөнүн бир аз башкачалыгы. Мунун баары дароо эле көрүнөт, бирок баасы кандай болбосун, мындай ичимдикти албаганыңыз туура.

Бирок көбүнчө контрафакттардын ыпластыгы ачык көрүнүп турбайт. Балким, этикеткасынын мөөрү бир аз башкача түстө болушу, наары же тактилдик лагы жок болушу мүмкүн. Сапатын ырастоо үчүн этикеткадагы жазууларды окуу зарыл. Көбүнчө контрафакттын өндүрүүчүлөрү мындай ыкыластуулукту күтүшпөйт, жасалма экендигин текстти окуп, байкаса болот.

Сапатын кантип текшерсе болот?

Ар бир өндүрүштүн өзүнүн продукция чыгаруу нормалары бар. Мамлекеттик жана эл аралык стандарттар, ошондой эле сапатын көзөмөлдөө ички жол-жоболору эске алынат.

Абдыш-Атанын, ошондой эле сыранын “Живое” жана “Наше” маркаларынын мисалында карап чечмелейли.

Заводдо өнүмдүн ар бир чыгарылган партиясын текшерүүдөн өткөрө турган лабораториялары бар:

- Чийки заттын сапатын жана зыяны болбогондугун. Үлгү тандалып алып, чийки заттын тазалыгы, мите жоктугу текшерилет.

- Талаптарды сактоо. Бул абдан маанилүү. Чыгарылган сыра ар дайым бирдей болушу зарыл. Бир үлгү менен бардык чыгарылып жаткан сыралар салыштырылат. Спирттин пайызы, сыранын түсү, консистенциясы - бардыгы кемчиликсиз болушу керек.

- Санитардык нормаларды текшерүү. Заводдун өзүндө бардыгы таза болушу зарыл, болбосо бул мыйзамды бузат. Муну лабораториянын кызматкерлери кылдаттык менен көзөмөлдөп турушат. 17 жылдын ичинде "Абдыш-Атага" санитардык эпидемиологиялык көзөмөл тарабынан эч кандай даттануулар болгон эмес.

Даяр өндүрүмдүн коопсуздугун текшерүү. Даяр сыранын үлгүсү изилдөөгө жөнөтүлөт. Микробдун, ачыткынын бактериянын, көк даттын сандары коопсуздук ченеминин чегинде болушу керек.

Жыйынтыктоо жүргүзөлү

Сапаттуу ичимдикти туура тандоо кеңештеринин жалпы тизмеси:

  1. Текшерилген ичимдикти тандоо. Эксперименттерди, дүкөндөрдө азыраак толкундануу болгон мезгилине калтырып, белгилүү ичимдиктерди тандап алуу.
  2. Жергиликтүү – коопсуздук. Кыргыз заводдору түздөн-түз мамлекеттик кызмат тарабынан көзөмөлдөнөт, алар үчүн жасалма жана сапатсыз нерселерди чыгаруу абдан татаал. Андан тышкары, жагымсыз окуя болуп кете турган болсо да, аларды жоопко салуу жеңил болот.
  3. Бөтөлкөнү карап чыгуу. Этикетканын сапаттуу чапталышына, тыгын же капкагына, жазууларына, күчтүүлүгүнө жана өндүрүүчүсүнө өзгөчө көңүл буруу керек.
  4. Жарактуу мөөнөтүн кароо - өзгөчө, эгер сиз сыра сыяктуу, сактоо мөөнөтү аз болгон, ичимдик ала турган болсоңуз.
  5. Эгер арзандатуулар болсо - сак болуу. Балким, бул маркетинг амалы же контрафакт сатылып жатат, же болбосо жарактуу мөөнөтү аяктап калган ичимдик.

Сак болуп, табигый азыктарды сатып алып жүрүңүздөр!

Маалымат жана сүрөттөр үчүн Абдыш-Ата заводуна, ачык, күчтүү жана алкоголсуз сыралардын (“Живое”,””Наше” ж.б), “Живая сила”, ”Ысык-Ата Тунгуч” сууларынын, “Боярский” квасынын, “Нитро” энергетикалык суусундугунун өнүктүрүүчүсүнө терең ыраазычылык билдиребиз.

Саламаттыкты сактоо министрлиги спирттик ичимдиктерди ашыкча ичүү ден соолукка зыян экенин эскертет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(20)
29.12.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Эн жакшысы ичимдик да ичпоо керек, майрамды да тоспой эле кою керек. Боодо чыгым, ысырапкерчилик. Албетте менин жеке пикирим. Эч кимге тануулаганга укугум жок. Эскертип кою момундук милдетим)
29.12.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
orun,туура айтасын,арак ичилген жерде
Жакшы нерсе болбойт.
30.12.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
orun,башты айланткан ёттошкон тамгаларды колдонуудан чыгарып эле салуу керек. Көпчүлүк мекендештер ушул жерден жаңылат. А так оюңузга кошулам.
30.12.2017. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
barsbegKG,
Кандай жанылат? Кызык...
11 жыл мектепте окуп анан дагы кайсы жерде кантип жазылаарын билбей олгон экен. Мээси бар адам эч качан жанылбайт. Алып салып ордуна кайсы тамгаларды коюшат?
Sagyn.91 түзөттү 2017-12-30 05:26:29
29.12.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тууура мен Кудай буйруса жаны жыл куну эч нерсе кылбай эле эч нерсе сатыпта албайм мен учун жонеле2018
29.12.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ичпей эле жакшынакай болуп бала чакам менен жаңы жыл тособуз
29.12.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Биз уч кундон бери коллективтер менен жаны жылды майрамдап журобуз. Бир кун ичмей калган кунун баш жазмай болуп жатабыз. Эн негизгиси келе жаткан 2018 жылды ойдогудай тосуп жатабыз. Анча мынча шарап ичип койсо эчтеке болбойт. Азыркы заманда тойду майрамды шарапсыз элестетуу мумкун эмес.
29.12.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Урматтуу Кыргызстандыктар келе жаткан Жаны жыл-дар м-н. Супер инфо сиздердин жаамат-га чон рахмат. Мына биз озубуз аяштарыбыз менен ар бир той, туулган кун ж.б майрамдарды шарапсыз откорбойбуз. Козубузго илинген шараптарды ала беребиз. Буюрса дагы Жаны жылга камданып жатабыз. Сиздердин маалыматыныздар бизге абдан пайдалуу болду. Буюрса сиздердин кенештериниздер менен иш кылабыз. Рахмат сиздерге.
29.12.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Баардыгынарды Жаны жылыныздар менен куттуктайм. Жаны жыл - бул ар бир адамдын туулган куну. Ар кайсы диний же идеялогиялык тунушнук менен жаны жылды тоспой коюу мумкун эмес. Арабтардын айтканы боюнча жашабай, озубуздун конулубуз менен жашасак. Адам бироонун каалосу учун торолбойт. Озубуздун оюбуз менен жашасак. Бул майрамды буткул дуйно жузу рассасына, улутуна карабай тосушат. Озгочо супер инфо ушул шарап боюнча маалыматыныздарга чон рахмат.
29.12.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз жоролор менен отурганда эч кандай спиртной жок отурмай.Аяштар да кенири отурат,бироо тополон салат деп ойлонбойт,же жаш балдардын козунчо мас болуп бироо согунот дебей кенири отурушат.Силерге да сунуштайм,эч кандай ичимдиксиз майрам тоссо сонун болот.Бул жинди суунун айынан кундо кандай кырсыктар болуп жатканын озунуздор да окуп жатасыздар.
aiba-889290 түзөттү 2017-12-29 21:36:01
29.12.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жакшы кеңештер экен менда тандабай эле соктура берем
29.12.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аракты ойлоп тапканга аны жайылтканга миң наалат болсун ,мунун айынан канча үй бүлөө бузулуп ,канча аялдар азап чегип ,канчалаган балдар көз жаш кылып ,балалыктарын оор турмуш менен өткөрүп жатышат.Арак ичип муратка жеткенди көрбөдүм ,тетирисинче кор болуп бомж болуп эч нерсеси жок көчөдө калганды көп көрдүм.
30.12.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Baiana,
Шугур канча ичсек дагы бир дагы жамандык коргон жокпуз. Балдарыбыз чоноюп жатат.Эн башкысы ар бир адамдын башында абийири таза болсо эч нерседен адашпайбыз. Негизи майрамды коро албастар тоспойт.
30.12.2017. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак ичип алып абийир тапкан инсанды көргөн жокмун ичкен кишинин итчелик да кадыры болбойт балким сизге ошондой сезилет
30.12.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Канча соз айтпагыла азыр магазиндерде эн коп откон товар ичимдик. Андыктан ичимдик колдонгон адамдардын жеке жашоосуна шек келтируунун кереги жок. Бироо бироодон эч ким нан сурап барган жок жана бул маалыматты ичпегендер учун чыгарган жок. Калп эле аллах деп кудайчыл боло бергендин кереги жок. Жон эле коро албастык. Супердин маалыматы бирооно жакпаса бирооно пайдалуу. Эч ким оз оюн бироого тануулаганга акысы жок. Ичимдик ичпеген адамдар сонун дей бергендин деле кереги жок.
30.12.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жылды неге тыйды Жараткан?
Кур калбасын пенде деди жаннаттан.
Жаны жылда арам иштер коп болот.
Тосо берсин коркпогондор азаптан.

Мусулмандар улукташып Алланы.
Балаты эмес айланышат каабаны.
Теренирээк ойлонсонор жаны жыл.
Майрамдардын жаманынын жаманы.

Тилек айтып аяз деген атага.
Пенде болуп жол берилет катага.
Тилектерди Аллах гана аткарат.
Ширк келтирип шерик кошпо Аллага.

Жаны жылдар ото беле ша
30.12.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orun,
Арабтар кыл десе кылып, жат десе жатып, тур десе турбай озубуздун конулубуз менен жашайлычы. Кыргызстанда копчулук эл светский жашоо образын алып журушот. Мындай диний ырлар эч кимди кызыктырбайт
30.12.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pat12,сизди кызыктырбаса башкасын кызыктырат менен эч ким араптардын айтканын кылбайт Аллахтын айтканын кылат
30.12.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
pat12,сен светский жашоо образын алып журо бер. Сага эч ким тануулап жаткан жок, тануулаганга менин укугум да жок. Бул ыр балким светтик жашоого умтулган адамдарды эмес, балким ыйман жолуна умтулган адамдарды кызыктырат.
31.12.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким эмне десе да, тоссо да, тоспой койсо да мага баарыбир, эн башкысы жаны жыл жакшылыктын жылы болсун. Кайдагы ысырапкорчулук? Дасторкон жайып уй булон менен отурсан жаманбы? Жаны жыл мага жагат.

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: