super.kg logo

Аида Салянованын жүрөк оорусу кармап калганына байланыштуу отурум түштөн кийинки убакытка жылды

 

Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын кезектеги соттук отуруму уланды. Анда депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекова Салянованын жүрөк оорусу кечээ, 29-декабрда кармап, соттон отурумду узак убакытка дайындабоону өтүнгөнүн айтты.

"Аида Жеңишбековнада жүрөк оорусу пайда болду. Ал кечээ ооруп, бүгүн ооруканага кайрылган. Доктурлар анда жүрөк оорусу жаралганын, жүрөгүнүн 3 клапанында кемтик пайда болгонун айтты. Азыр дагы ал бейтапканада ден соолугуна байланыштуу жүрөт. Ага врачтар жүрөк клапанынын өнөкөт ичкерүүсү деген диагноз коюшту. Ал буга чейин соттон отурумду 1 күн бою убакытка созбоону, тыныгуу менен өткөрүп турууну өтүнгөн", - деп врачтардан алынган маалым катты сотко көрсөттү.

Ал эми мамлекеттик айыптоочулар ал кечээ эле жакшынакай жүргөнүн айтып, соттук отурумду улантууну соттон сурашты. "Ал кечээ соттук отурумга келип кетпеди беле? Бул маалым катты кайсы учурда алып жетиштиңер?" деди. Залда отурган соттолуучунун тарапташтары отурумду жылдырууну талап кылып жараянда ызы-чуу чыгып, кайым айтышуулар орун алды. Мамлекеттик жактоочулар соттон аларды чыгарып жиберүүнү өтүндү.

"Адам ооруш үчүн атайын даярданып туруп оорумак беле? Оору менен өлүм деген капыстан келет. Анын башында инисинин өлүмү, өзүнүн соттук иштери тууралуу көп маселе турат. Мындай оорчулук менен адам ооруп калышы турган иш. Эмнеге маалым катка ишенбей жатасыңар?" - дешти залдагы тарапташтары.

Мындан соң аларды отурумдан чыгаруу аракети көрүлдү. Маалым катты текшерүү үчүн соттук отурум убактылуу токтотулуп, саат 2де кайра улантылмай болду.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
30.12.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаш баласы менен куйоосун соттоп, биртууганын олтуртуп коюп, жагы жылда ыр чыгарып, досуна камкор болуп,ооз учу менен "акты-ак, караны-кара" дегенге да жаратканым жазасын берет.
30.12.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аидага асылганыңарды качан токтосуңар. ашанын орду түрмөдө болчу
30.12.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жараянда ызы-чуу чыкканы эмнеси?)
30.12.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Таба эмес тообо бирок бир кездерде Аида айымда ушинтип коп адамдардын журогун ооруткан эми озу ошол акыбалга тушуп олтурат.Бул жашоо бумеранг экен билип туруп зулумдук кылып аткан Атасыбайдын баласында жакында коро жатарбыз!!!
30.12.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кечээ эле жакшына жургон дегендери жакшы экен. Кечээ жакшына жургондор бугун ооруп калмак тургай олуп калып атышат го?
30.12.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул чондор сот болоордо эле ооруп калат да э. Не чондор силер ооруну заказ менен кыласынарбы тан калам да эй. Аида айым убагында коп катачылыктарды кылган Эми жооп берсин.
30.12.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ady-88,бирөөнүн оорусуна сын айтпа ошол нерсе сенде жок экенине шүгүр кыл. Аида айым дагы күчтүү экен, мындан башка аял болгондо алда качан кан басымы көтөрүлүп төшөктө жатып калмак же о дүйнөгө аттанып кеткен болмок. Аида айымга сабыр жана бекем ден соолук каалайм.
30.12.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мыйзамды буздун деп эмес, бузбадын деп соттогон соттор да болот экен э.
30.12.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олтуруп анан тынчып отуруп калат окшойсунар инисин олтургондой
30.12.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындыгында ден соолугуна чоң нагрузка болуп кетти да бир боорунун өлүмү эки күндүн биринде сотто жүрсө Аида оорубай мен ооруймунбу?Жакшы болуп кетсин күнөөлүү болсо жазасын алсын.(бийликтин куйругун тебелегендерди эле камап атышат )
30.12.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Убагында да Аида кооп адамдарды сыздатып журокторун ооруткан Эми ошолорду озу тушунуп турат
30.12.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жуктун ээсин таап сотогула!Эчким айтпасада В.В.Путиндин алдында эки жолку Революцииянын лидеримин мультимиллионермин деди акчаны каяктан алган канча жан кыйылды?! Качан аны соттойсунар?!Ошодон баштаснар ошондо Адилеттуу сот экен туура кылып жатат дейт элек.120 жепжутаттарды болсо соттобой эле ажо примерине кошуп камап салыш керек ошондо Акыйкат болот!!!!
30.12.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки түрдүү көз карашта карасан азыркы бийликтин куугунтукка алганы. Негизи Аида айым кылган иши үчүн башта эле жооп бериш керек эле Азиз Батукаев качканда озү иштеп атканда да көбүн камаган болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: