super.kg logo

Санкт-Петербургдагы жардырууга шектүү адам колго түштү

 

Орусиянын коопсуздук боюнча федералдык кызматы Санкт-Петербург шаарындагы дүкөндө болгон жардырууга шектүү адамды колго түшүрдү. Бул тууралуу Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары аталган кызматтын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында Санкт-Петербургдагы "Перекресток" дүкөнүндө орун алган жардырууну уюштурган жана аны ишке ашырган адам 30-декабрда колго түштү. Ал жардырууну колго жасалган жарылуучу каражаттын жардамы менен ишке ашырган", - деп жазышат.

Колго түшүрүлгөн шектүүнү Орусия Федерациясынын Тергөө комитетине өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, бул кылмыш иши 27-декабрда орун алган. Жардыруунун жыйынтыгында 18 адам жабыркап, учурда 9 адам ооруканадан чыгарыла элек. Ал эми бул окуяга террордук акт деген баа берилип, аны "Ислам мамлекети" тыюу салынган террордук тобу ишке ашыргандыгын моюнуна алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.12.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстандан болбосунчу, тажатты ушулар жихад деп алып, атуу керек террористерди, жер бетинде жашоо жок буларга!
31.12.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайга шугур Мусулман эмес экен.
35 жаштагы Дмитрий деген орус экен.
31.12.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус экен деп жаткан кечээ. Эч ким унчукпайт өздөрүнүкү экенда көрсө
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: