super.kg logo

Белгилүү орус акыны Александр Вулых ырчы Алла Пугачёванын жаңы чыгармасын плагиат деп айыптоодо

 

Мындан бир канча күн мурун Орусиянын примадоннасы аталган Алла Пугачёва Биринчи каналдын "Көгүлтүр от" берүүсүнө тартылуу үчүн "Я летала" аталышындагы жаңы ыр жаздырганын жарыялаган. Бир канча жылдан бери жаңы чыгарма жарата элек ырчынын күйөрмандары үчүн бул жаңылык өзгөчө жагымдуу болуп, чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. Кызыгы ыр экрандан көрсөтүлгөн соң, орустардын белгилүү акыны Александр Вулых ырчыны плагиатка айыптап чыкты.

Анын айтымында, Пугачёва аткарган "Я летала" чыгармасы мындан 15 жыл мурун жазылган Игорь Сарухановдун аткаруусундагы "Придуманная любовь" ырынын көчүрмөсү.

"Пугачёваны эч ким уккусу да, көргүсү да келбей калды эле, бирөөнүн ырын туурап ырдоону чечиптир. "Көгүлтүр отту" даярдагандар алгач ырдын плагиат эместигин аныктап алышса болмок. Бул нерсе жазасыз калбайт. Менимче бул иш жагымсыз ызы-чуу менен аяктайт", - деген ал.

Акындын мындай билдирүүсүнөн соң, социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында эки ырды салыштырып, окшоштук издегендердин саны көбөйгөн. Алардын айрымдары чынында эле чыгарманын плагиат экендигин жазышса, кээ бири эч кандай окшоштук жок экенин айтып чыгышкан.

Ал эми ырчы өзү бул чуудан кийин дароо Александр Вулых менен байланышып, жогоруда аталган композицияны буга чейин укпагандыгын айтып, автордон кечирим сураган.

Белгилей кетсек, Александр Вулых Орусиядагы эң популярдуу акындардын катарын толуктайт. Ал буга чейин Филипп Киркоров, Лариса Долина баштаган бир топ атактуулар менен иштешип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: