super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-ЯНВАРЬ: "Ак кеме" тасмасынан кийин каардуу Орозкул катары элдин эсинде калган Орозбек Кутманалиев 13 жыл мурун көз жумган

 

Кыргыз Республикасынын эл артисти Орозбек Кутманалиев кыргызга аттын кашкасындай белгилүү. Ал Чүйдүн Сокулук районундагы Күн-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. Ал бармактайынан ырга ынак, күү жандуу өскөнүн замандаштары айтып келет.

Онунчу классты бүтөрү менен жашоо-турмушунун оордугунан темир жолдо жумушчу, айылдык китепкананын башчысы, 1955-жылы ордо калаадагы куурчак театрында артист болуп иштейт. Ал эми 1965-69-жылдары Кыргыз улуттук филармониясында ырчы, 1969-1974-жылдары Улуттук телерадиокорпорациясында режиссёр, диктор болуп эмгектенген.

1974-жылдан баштап “Кыргыз фильм” студиясында киноактёрлук кесипте эмгектенет. Бул жылдар аралыгында ал элге төкмө акын, кино актёр, обончу, ырчы-аткаруучу, дастанчы, диктор катары таанылат. Ал ар тараптуу, көп кырдуу шыгын өркүндөтүү үчүн чыгармачылыктын үстүндө түн уйкусун бөлүп эмгектенген.Орозбек Кутманалиев Ашыраалы Айталиев, Ысмайыл Борончиев, Осмонкул Бөлөбалаев өңдүү кыргыз акындарынан таалим алып, алардын төкмөлүк талантын улантып айтыштык өнөрүн өнүктүргөн. "Ак Мөөр", "Карагул ботом", "Курманбек" дастандарын, Жеңижок, Осмонкул, Барпы, Ысмайылдын термелерин комуздун коштоосунда аткарган. Ал "Жүрөктү жүрөм дарылап", "Айдай кызга" жана башка обондорду жараткан жана көркөм окуунун чебери болгон."Сүйүү жаңырыгы" киносунда Бектемирдин, "Ак кемеде" Орозкулдун, "Фудзиямадагы кадыр түндө" Арзыматтын, "Эрте жаздагы турналарда" Бейшембектин, "Ак куулар конгон айдың көл" киносунда Сабырбектин, "Эл арасында" киносунда Кубаттын, "Уркуяда" Куландын жана башка ролдорду аткарган. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы берилип, бир катар медалдар менен сыйланган.Төкмө акын, актёр, режиссёр Орозбек Кутманалиев 2005-жылы 72 жаш курагында көз жумган.

3-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.01.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын адам болгон экен. Ак-Кемедеги ролун катуу аткарган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: