super.kg logo

Бир жыл мурун: Милициянын кашын жара тепкен Жайнакова: "Башымдан өткөн окуяга өкүнбөйм, ал чыгармачылыгым үчүн "кара пиар" болду"

 

Милициянын кашын жара тепкен "ырчы" кыз

Эсиңиздерде болсо, былтыр 2017-жылдын 12-январынан 13-январына караган түнү Ош шаарынын Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинен Ош ШИИБинин патрулдук милициясы Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылган, бирок айдоочу баш ийбей качып жөнөгөн. Патрулдук милициянын кызматкерлери аркасынан кууп барып, кийинки посттон токтотулган унааны Алтынай Жайнакова аттуу бийкеч башкарып бара жатканы белгилүү болгон.

Өзүн ырчы, журналист деп тааныштырган кыз унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан шиш такасы менен жара тепкен. Анын милиция менен болгон чатагын журналисттик топ тартып алып, ал видео интернетке тарап, кызуу талкуу жараткан.

"Ырчы" кыздын милиция кызматкерлери менен байланышы бар беле?

Видеотасмада көрүнгөндөй, Алтынай Жайнакова унаадан түшүүдөн баш тартып, уюлдук телефону менен кимдир бирөөгө байланышып баштайт. Сөз арасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошевдин ысымы байма-бай аталат. Кийинчерээк Жайнакова: "Жолдошев менен эч кандай мамилем жок, болгону аны сыртынан тааныйм. Анын атын атасам аз да болсо коркушабы деген ойдо болгом. Учурдан пайдаланып андан өзгөчө кечирим сурайм", - деп SUPER.KG порталына билдирген. Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев Алтынай Жайнакованы тааныбай турганын айрым маалымат булактарына билдирүүгө жетишкен.

Алтынай Жайнакова тартылган видеотасма интернет айдыңында эң көп каралган видеолордун бири болгон. Видеодо ал милиция кызматкерлерине "унаамдын терезесин сындырып, кайра кечирим сурабадыңар беле?!" деген сөзү угулат. Бул сөздөр Жайнакова менен милиция кызматкерлеринин ортосунда мурдатан эле чатактар болуп келгенби деген ойду жаратат.
Ырчы айымдын өзү менен байланышканыбызда, ал: "Мен бул окуя боюнча азыр комментарий бербей турууну чечтим. Унаамдын терезесин милиция кызматкери сындырып салганы чын. Анда ал кечирим сурап оңдотуп берген. Ушуну гана айта алам", - деген жооп узаткан.

30 миң сом айыпка жыгылып, 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган

Ош шаардык соту Жайнакованын ишин 2017-жылдын 13-мартында карап, Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмү (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, айыпталуучуга 30 миң сом айып салынган. Ал эми ошол эле жылдын 27-апрелиндеги Соттук коллегиянын өкүмүнө ылайык, Алтынай Жайнакова Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, ага бир жылга сынак мөөнөтү белгиленген.

SUPER.KG порталы окуянын баш каарманы болгон Алтынай Жайнакова менен байланышып, ага берилген сынак мөөнөтү 6 айдан соң аяктап, учурда сот анын ишин жапканын аныктады.

"Башымдан өткөн окуя мен үчүн чоң сабак болду. Кимдин ким экенин билдим, адамдарга өтө эле ишенип алуунун кажети жок экенин түшүндүм. Бирок жашоомдо ал окуянын орун алганына эч өкүнгөн жокмун. Бул нерсе чыгармачылыгыма "кара пиар" болуп берди. Соттун чечимине ылайык, 4 жылга шарттуу түрдө кесилип, бирок 1 жылга сынак мөөнөтү берилген. Ай сайын өз убагынан кечиктирбестен каттоодон өтүп турганым үчүн 6 айдан соң бул ишти жабышты. Учурда баш-отум менен чыгармачылыкка киришип, жаңы ыр-клиптердин үстүндө иштеп жатам. Ошондой эле жакында карьерамды өнүктүрүү максатында Ош шаарынан Бишкекке көчүү алдында турам", - дейт Жайнакова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(22)
12.01.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+90
Олдунор Бишкектин гаишниктери, келе жатыптыр...
12.01.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Kattaldym,ха хаа жардын го
12.01.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо ошундале жүрө бериңчи
12.01.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Kattaldym,кишинин ичин эздин но(кулуп)
12.01.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул жылаңачко. Карабагыла уят болот
12.01.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Adiletia,зато каш-кирпигинди жара тебет...
12.01.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олдунго де
12.01.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nendi15, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
12.01.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ботло
12.01.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ууру тойгуча жеп олгучо карганат дейтго.... Ошол видео менен жакшына жургондогусун салыштырсан кадимкидей эле мас экени билинет. Кыз балаго тем боле жакшына кыз эми кийинкилигинда ойлоп жакшына журсун.
12.01.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Вай бетииим дейиш керек эле дагы деле кайтпайтго чиркин ...
12.01.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чык эшике
12.01.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул жакта туруп мен уялдым,бетим иий бетим.
12.01.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кийими кантет кыргыз койнок кийген суроту сонун чыгыптыр
12.01.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мындай окуялар кундо эле болуп турса керек.Интернетке чыгып кеткени ушул болгону учун гана коруп калдык.Видеодо алдыга отурган милициянын да тишини отуошузуп жатса караганы да даана эле корунуп турган.Козун тыйбаганыны ылайык ал да кашына жеди
12.01.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мурдун дагы деле " Балта кеспептир" бул кыздын, кара пиар деп коет дагы уялбай. Орусчасы окшошпосо деле " ура" бериптир го)))
12.01.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Саз ошолордуку болот алты жыл зми Бакиевдин убагындай каптай баштайт
13.01.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kyrgyz06,арпанды "хам"ордубу.
12.01.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атын ким десе Алтына Жайнаакова деген ушу да
13.01.2018. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бузованын эле озу,уффф аллергия чыгарган.
13.01.2018. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул Ошто Юту.б жылдызы деп сыйландыго атан гору десе
13.01.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул ПМ кызматкери озу терезесин сындырып ашыкча кеткенго чамасы, Жол эрежесин козомолдогон органдарга позор болду бир кызды эптей албай, кашынды жпра тептиби алып барып 2 айга упаковать этиш керек болчу, ар бир ырчымын чоорчумун дегенида кутуруберсе тартип эмне болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: