super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-ЯНВАРЬ: "Укмуштуу Макс" тасмасы аркылуу атактуулукка жеткен белгилүү актёр Мел Гибсон 62 жашка толду

 

"Укмуштуу Макс", "Аталар күнү", "Папарацци" жана башка бир топ тасмалардагы аткарган ролдору аркылуу өз ордун, күйөрмандарын тапкан белгилүү америкалык жана австралиялык актёр, кинорежиссёр жана продюсер Мел Гибсон 1956-жылы 3-январда туулган.

Мел Гибсон ирландиялык үй-бүлөдө, 11 бир туугандын алтынчысы болуп төрөлгөн. Мектепти Австралиядан бүтүп, Сиднейдеги театралдык окуу жайга тапшырган. Аны менен катар "Укмуштуу Макс", "Тим" тасмаларына тартылып, бир канча сыйлыктарга ээ болгон.

Дүйнөлүк атак-даңкты "Укмуштуу Макс" тасмасынын 2-бөлүгүнө тартылган соң багындырган. Дал ушул образынан соң Голливуддун бир канча фильмдерине тартылууга сунуштарды кабыл ала баштайт.

1980-жылдан 2011-жылга чейин Робин Мур аттуу жубайы менен чогуу жашап, 7 балалуу болгон. 2016-жылы Розалинда Росс аттуу жаш кыз менен мамиле кура баштайт. Түгөйлөр 2017-жылдын январь айында уулдуу болушкан.

Мел Гибсон тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Актёр 2005-жылы Фиджидеги Манго аралын 15 миллион долларга сатып алган;
  • Бир канча жолу мас абалында унаа айдап, айыпка жыгылган;
  • Кореялык мамлекеттик кызматкер Ким Чен Ир сүйүктүү актёру катары Мел Гибсонду санай турганын айткан;
  • Убагында Бэтмен, агент 007, Росомаха жана башкалардын образдарын жаратууга макулдук берген. Бирок өтө чоң суммадагы гонорар талап кылгандыктан режиссёрлор аны тартуудан баш тартышкан;
  • Өзүнүн эң алгачкы ролу үчүн 15 миң доллар гонорар алган;

3-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: