super.kg logo

Жаңы жылдык отуруштан Тажикстанда төрт киши селитра кошулган палоого ууланып каза болду

 

Тажикстандын Хожент шаарынын төрт тургуну тамакка кошулган селитрага (натрий нитраты) ууланып каза болду.

Окуя тууралуу 2-январда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таяп, шаар прокуратурасы жергиликтүү маалымат каражаттарына кабарлады.

"Палоо даярдоо учурунда “натрий селитрасы” же “чили селитрасы” деп аталган селитра колдонулган. Иликтөө учурунда окуя катталган жерден ушул заттын калдыктары жана ал салынган кутучасы табылган. Ал эми селитра маркумдарды өлүмгө жеткире турган дозада кошулганы белгилүү болгон”, - деп билдирген Хожент прокуратурасынан.

Маалыматка ылайык, 30-декабрда жергиликтүү тургундар Жаңы жылдын алдында майрамдык дасторкон жайып, палоо жешкен. Жаңы жылдык отуруш кайгы менен аяктап, төрт киши ууланып каза болгон. Алардын арасында 67 жаштагы ашпозчу да көз жумган, жети киши ооруканага жеткирилген. Учурда окуя тууралуу териштирүү иштери жүрүп, натрий нитратын ким алып келгени аныкталууда.

Маалымат үчүн: Натрий нитраты – түссүз, жытсыз, туз даамданган кристалл. Ал жер семирткич катары жана металлды кайра иштетүү өнөр жайында колдонулуп, жардыруучу заттарды даярдоодо да керектелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(14)
03.01.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
палоону демдеп жатканда нашаа салып коюп кайф сурушот деп уктум эле. бул да ошондой окшойт да балким
03.01.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Худжант шаары десенер.
03.01.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiba-889290,ээ тууганым худжанд дейсиң да нукура қырғызчасы Қожент болот. Суперчилер да бир аз ката жазган бирок бүгүнкү күндө боло берет.
barsbegKG түзөттү 2018-01-03 18:16:58
03.01.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiba-889290, алардагы у бизде о болуп окулат болуш керек. туура эле жазылган
03.01.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба ушундай да болобу
03.01.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
О Аллахым адамдарга ыйман бер.
03.01.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
omuralievaO.88,
Бул окуяда кудайдын эч тиешеси жок. Мындыйды адамдык фактор деп коет. Калп эле кудайчыл боло бергенден майнап чыкпайт. Ар бир адам коопсуздукту билип журуш керек. Болгону ошол.
03.01.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ошондо кадимки тамака кошуп жүргөн кристаликпи китайский
03.01.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Туз деп адашып кошуп алышкан окшойт.
03.01.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул тузга эле окшош болот ошондо ашпозчу озу да каза болгонго караганда туз менен алмаштырып салып алган коп кошулганына караганда тузу чыкбай жатат деп кайра кайра салган. Бул биздин айылда да мындай окуя болгон 15 жылдай алдын. Бирок анда кудайга шугуур байкап калган.
03.01.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kg.arts., даамы тузга окшош болгону менен формасы башкача болот. Сыягы ашпозчу да билбей жеп өлгөнүнө караганда четтен башка бирөө атайылап кеткен окшойт.
03.01.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажикстанда эмнеге ушундай коп болот,-(баягындада камыргы аял, даары кошуп жуурууду эле) же адашканбы ? Жайлары жанатта болсун
03.01.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Глутамат натрий го сыягы
03.01.2018. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Муну бироо специально салган значит озу шамал болуп кеткен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: